«Бизнес акыйкатчыга даттанган ишкерлер арбын»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Бизнес акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерди жана бизнестин өкүлдөрүн ашыкча текшерүү жана айып салуу фактыларын айыптап чыкты. Жыл башынан бери аталган институтка отуздай даттануу келип түшкөн. Бизнес акыйкатчы мекемеси 2018-жылы түзүлүп, жетекчиси жана аппараты былтыр шайланган. Пандемиялык шартта ишкерлердин укуктарынын бузулушу, чет элдик инвесторлорду коргоо, коррупцияга каршы күрөштүн бизнеске болгон таасири сыяктуу суроолорго Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев жооп берди.