Карьера сереси - качуу

"Бир кылым артка кеттик, саатым!" (Кимбайкенин азил сүрөтү).

Кыргыз жаштарынын соңку азилдеринен (интернеттен алынды).
* * * * * * * 

Эки студент бекерчиликтен кыялданып олтурса, алардын жанына бир окуучу келиптир.

Анан алиги студенттер мектеп окуучусуна мактангысы келип, четинен өз кыялдарын баяндап киришиптир:

- Биз универдеги окууну бутуп,  жакшы-ы жумушка орношобуз, анан чо-оң иштерге аралашып, тездеп көтөрүлөбүз. Министр да болобуз, андан аркысы да...

- И-и, кана, айтчы, биздин карьерабыздын аягы эмне менен бүтөөрүн билесиңби?

-  Ак Үйдөн чет өлкөгө качып кетүү менен бүтөт! - дептир тайманбаган окуучу.

* * * * * * *