Борбор Азия лидерлери Астанага чогулду

Эгемендик жылдарында Борбор Азия президенттери толук курамда өз алдынча беш гана жолу кездешкен. Башында чөлкөмдүн лидерлери Советтер Союзу таркагандан кийинки кызматташтыкты талкуулашса, акыркы жыйын Арал деңизинин келечегине арналган.

Эксперттер коңшулар ортосунда мамиле чек ара, суу, энергетика маселелеринен улам начарлап кеткенин айтышат.

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө аймактык саммит өткөрүү демилгесин өзбек лидери Шавкат Мирзиёев көтөргөнү, аны казак президенти Нурсултан Назарбаев колдоп, алгачкы жыйынга Астанага чакырганы айтылат.

Астанада Борбор Азия жетекчилеринин саммити өтүүдө.