Чеченстандагы "так талаш". Рамзан Кадыровдун ордун ким басат?

Рамзан Кадыров. Путиндин БАЭнин президенти Мухаммед бин Зайед Аль Нахайян менен Кремлдеги жолугушуусунун алдында тартылган сүрөт. Москва, 29-январь, 2026-жыл

Чеченстандын Москва колдогон башчысы Рамзан Кадыровдун ден соолугу начарлап, анын ордун ким басат деген талкуу жүрүп жатат. Кремл согуш шартында Чеченстанда туруктуулук болушун каалайт. Кадыров бийлик, байлык өз үй-бүлөсүндө калышын көздөйт. Атаандаштары түрдүү жолдорду издеп жаткан чагы.

Орусияда бийликти өткөрүп берүү маселеси оңой эмес. Анын карамагындагы республика - Чеченстанда андан бетер татаал.

Совет доорунда бийлик Саясий бюрого билинбей өткөн. Сталин өлгөндөн кийин бийликке келген Никита Хрущевду эки жылдык кутумдун натыйжасында Леонид Брежнев тактан оодарган.

Ал өз кезегинде Юрий Андропов жана Константин Черненко сыяктуу эле бийлик чылбырын кармаган бойдон дүйнөдөн өттү. Акырында мындай көрүнүштү Михаил Горбачёв токтотту.

Постсоветтик Орусияда президент Борис Ельцин мураскер катары Владимир Путиндин талапкерлигин жактырып, 1999-жылдын этегинде тизгинди өткөрүп берди.

Ошол кезде туруксуз болуп турган Чеченстанды (1990-жылдарда эки согуш болгон) Кремл жикчил жана исламчыл козголоңчулардын жардамы менен алды. Мында бийликке багынып берген Кадыровдордун кланы жардам берди. Козголоңчулардын бири Ахмат Кадыров каршылашы тарапка өтүп, президент болду. Ал аймактагы кырдаалды турукташтыра алды, бирок 2004-жылы киши колдуу өлүм тапты.

Анын уулу Рамзан Кадыров атасы өлгөндөн үч жылдан кийин (2007-жылы) 30га толгондо президенттик кызматты ээледи. Чечен Республикасынын Конституциясы боюнча бийлик башына 30 жаштан ашкан адам гана келе алат. Ошондон бери Рамзан өзүнө кас болгондордун көзүн тазалап, Чеченстанды башкарып келатат.

Кадыров жарым-жартылай менчик болгон армиясын түзүп, байлыкты колго топтоду, муну менен республиканы өзүнүн менчик "аймагына" айлантты.

Рамзан Кадыровду бул кызматка койгон Путин ага Чеченстанда Москва үчүн олуттуу баш ооруга айлантпай турган адам катары ишеним артат, ошондуктан укук коргоочулар айтып келген мыйзам бузуулар, кызматынан кыянат пайдалануу жана укук тепсөө, зомбулук жана башка терс көрүнүштөрдү, федералдык мыйзамдарды тоготпогонуна көз жумат.

Азыр Кадыровдун ден соолугу күмөн жаратып турган кезде анын ордун ким ээлейт деген суроо катуу талкууланып жатат.

Кремл адаттагыдай эле Чеченстанда туруктуулук болушун каалайт. Айрыкча Украинага каршы негизсиз согуш ачып, ал аяктабай турган шартта чечен жергесинде тынчтыктын сакталышы Путиндин бийлиги үчүн маанилүү.

Рамзан Кадыров болсо өзүнүн үй-бүлөсү бийликти колдон чыгарбай, байлыкты сактап калышын көздөйт. Анын атаандаштарды бийликти алуунун ар кандай жолдорун издеп турган маалы.

Дагы бир нюанс: мыйзамга ылайык Чеченстандын башчысынын жашы 30дан ылдый болбошу керек. Ал эми Кадыровдун тун кызы 27де, тун уулу болгону 20да. Мындан улам Кадыровдун өзү президенттикке келгенге чейин убактылуу өкмөт түзүлгөн сценарий кайталанышы мүмкүн. Алдыда болжолдуу талапкерлердин тизмегин сунуштайбыз.

Талапкерлер кимдер?

АХМАТ КАДЫРОВ

Ахмат Кадыров 2024-жылдын мартында Орусиянын президентин шайлоонун алдындагы жүрүштө. Грозный

Ахмат - Рамзан Кадыровдун ар кайсы аялдан туулган 12 баласынын ичинен уулдардын туу. Ага туулганда чоң атасынын ысымы берилген. 20 жашта экенине карабай атасынын колдоосу менен Чеченстанда чоң кызматтарды ээлейт, спорт тармагын тескейт. 2022-жылы 16 жашында Ахмат жаштардын бийликчил "Биринчилердин кыймылы" уюмунун Чеченстандагы расмий өкүлү болуп дайындалган. Бир жылдан кийин аны Кремлде Путин кабыл алган. Бул жолугушуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылып, байкоочулар муну Ахматты мураскер катары жактыруу ишараты катары баалашкан. 2024-жылы Ахмат спорт жана дене тарбия министри болуп дайындалган. Ал «Ахмат Грозный» клубун башкарат, январда чечен премьер-министринин орун басары кызматына коюлду.

АЙШАТ КАДЫРОВА

Айшат Кадырова Москвада Firdaws мода үйүнүн ачылышында. Сентябрь, 2019-жыл

Андан кийинки талапкер - 27 жаштагы тун кызы Айшат. Буга чейин чечен өкмөтүндө анчейин байкалбаган, бирок көшөгө артында маселе чечкен маанилүү кызматтарды ээлеген. 2020-жылы ал маданият министринин биринчи орун басары кызматына дайындалса, үч жылдан кийин социалдык маселелерди тескеген биринчи вице-премьер болгон. Бул кызмат ага социалдык чыгымдарга жумшалган бюджетти тескөө укугун берген. Ал Firdaws мода үйүнүн ээси, аны менен Чеченстандын өзүндө жана сыртында аял-эркектердин кийими сатыкка чыгат. 2022-жылы Айшат жана анын Firdaws компаниясы, Кадыровдун мындан башка жакындары да АКШнын Каржы министрлигинин санкциясына кабылган. Былтыр февралда ал өкмөттөн кетип, байкоочуларды таң калтырды. Мындай кадамын мамлекеттик кызмат "күчтүү эркектерге ылайыктуу экен" деп түшүндүргөн.

АДАМ КАДЫРОВ

Адам Кадыров атасынын резиденциясында чечен аскерлерин жана аскердик техникасын кароо учурунда. Январь, 2024-жыл

Үчүнчү уулу Адамды Кадыров аймактагы таасирдүү кызматтарга акырындап түрткүлөп келди. Азыр ал 18де. 15 жашында Куранды өрттөөгө айыпталып, Чеченстанда соттолгон Никита Журавелди катуу сабаганы менен "атагы чыккан". Рамзан Кадыров Журавелдин катуу токмок жегени тууралуу видеону жарыялап, уулун мактаган. Адамга "Чечен Республикасынын баатыры" наамы берилген. Кийин аны Чеченстандын коопсуздук кызматынын башчысы кызматына дайындашкан. 2025-жылы жайында атасынын жакын санаалашы Адам Делимхановдун небересине үйлөнгөнү кабарланган. Бул үй-бүлөлөрдүн байланышын бекемдөө максатындагы саясий нике деген божомолдор айтылган. Быйыл январда Адамдын кортежи Грозныйда жол кырсыгына кабылып, ал катуу жаракаттар менен Москвага жеткирилген.

АДАМ ДЕЛИМХАНОВ

Адам Делимханов Путиндин 70 жылдыгына арналган парадда. Грозный, октябрь, 2022-жыл

56 Делимханов да Кадыровдор кланынан чыккан, Рамзандын жакын санаалашы катары белгилүү. 2007-жылдан бери Мамлекеттик Думанын депутаты, бирок Орусиянын бийлигиндеги айрым өкүлдөр менен анын мамилеси начар. Кадыров сыяктуу эле аны көп сандаган адам укуктарын бузууга айыптап келишет.

Адам Делимхановду «алтын тапанчалуу киши» деп да аташат. Мындай каймана ага ат 2013-жылы депутаттардын бири менен мушташкан учурда чөнтөгүнөн алтын жалатылган тапанча түшүп кеткенден кийин берилген.

Дубайдын бийлиги Делимханов 2009-жылы Рамзан Кадыровдун негизги атаандашы Сулим Ямадаевдин киши колдуу болушуна шектүү деп эсептеген. Полициянын маалыматына караганда, кылмыш болгон жерден алтын жалатылган тапанча алынган. Кадыров Бириккен Араб Эмирлигине баргандан кийин мындай айып жокко чыгарылган. Ошол эле жылы Кадыров маегинде Делимхановду «эң жакын досум, бир туугандан да артык» деп айткан. Делимханов мураскер болушу ыктымалдыгын да жашырган эмес. Бирок, ал кезде Кадыровдун уул-кыздары бешиктен бели чыга элек болчу.

МАГОМЕД ДАУДОВ

Магомед Даудов Рамзан Кадыровдун Гвинея-Бисаунун президенти менен жолугушуусунда. Грозный, май, 2024-жыл

Чеченстандын Конституциясы боюнча республиканын башчысы каза болуп калган учурда анын ыйгарым укуктары премьер-министрге өтөт. Бул кызматты 2024-жылдын май айынан бери 45 жаштагы Магомед Даудов ээлеп келатат.

Мурдагы козголоңчу, 2000-жылдардын башында каршылашы тарапка өткөн Даудов Кадыровдун атасынын өлүмүнө жоопкерчилик алган талаа командиринин башын алып келип, анын ишенимине кирген деген маалыматтар бар. Аны «лорд» деп да атап коюшат. Даудовдун айтымында, мындай лакап атты Кадыров аны менен биринчи жолугушууга кара костюмчан келгени үчүн берген. Көп убакыт полицияда иштеген Даудовду Рамзан Кадыровдун "баш кесери" катары сүрөттөшөт, ал эми укук коргоочу уюмдар аны адам уурдоого, кыйноого, ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы зомбулук кампаниясынын башында турган деп айыптап келет. Премьер-министр болгонго чейин ал тогуз жыл чечен парламентинин төрагасы болуп турду.

АПТИ АЛАУДИНОВ

Апти Алаудинов

52 жаштагы Алаудинов Орусиянын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта экени айтылат. Бул жагдайдан улам эгерде ал Кадыровдун ордуна келсе, Чеченстандын өзүндөгү күчтөр менен чыңалган абал түзүлүшү мүмкүн. Полициянын генерал-майору, 2011-жылы Чеченстанын ички иштер министринин орун басары болгон. 2019-жылы анын үстүндө кара булут айланып, ал Кадыровго каршы кутум тууралуу имиштерге байланыштуу кармалган. 2021-жылы ИИМдеги кызматынан ажырап, кайсы бир убакыт Москвада жашаган. 2022-жылдын 22-февралында Орусия Украинага негизсиз толук масштабдуу согуш ачкандан кийин ал орус армиясына кошулуп, Рамзан Кадыровдун атасынын урматына аталган «Ахмат» батальонунун командири болгон. Муну айрымдар анын Кадыровдун алдында өзүн актоо аракети катары сыпатташкан. Айрым байкоочулар формалдуу түрдө Орусиянын Коргоо министрлигине баш ийген «Ахмат» бөлүгүн шакабалап, «TikTok жоокерлери» деп аташат. Анын аскерлери согушка катышпай эле, социалдык тармактарга видео жүктөө менен алектенерин айтышат.

РУСЛАН ЭДЕЛГЕРИЕВ, АБУЗАИД ВИСМУРАТОВ, ИБРАГИМ ЗАКРИЕВ

Талдоочулар жана байкоочулар буларды да потенциалдуу мураскерлердин тизмесине кошот, бирок алар тууралуу маалыматтар аз.

Руслан Эделгериев БУУнун климат боюнча Мадриддеги конференциясында. 2019-жыл

51 жаштагы Руслан Эделгериев - ИИМдин полковниги, Орусиянын күч түзүмдөрүнүн катарында Чеченстанда жана башка жактарда кызмат өтөгөн, 2012-2018-жылдары аймактын премьер-министри болуп иштеген. Ал Путиндин жардамчысы, орус президентинин климат жана суу ресурстары боюнча атайын өкүлү.

Абузаид Висмурадов

50 жаштагы Абузаид Висмурадов Рамзан Кадыровдун бала кезден берки досу, анын коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси, кудасы. 2020-жылдан бери вице-премьер кызматын аркалап келүүдө. Буга чейин ал бир топ иштерге айыпталган «Терек» отрядын жетектеген. Анын Рамзан аттуу уулу Кадыровдун Табарик деген кызын алган.


Ибрагим (Якуб) Закриев

35 жаштагы Ибрагим Закриев — Чеченстандын борбору Грозныйдын мурдагы мэри. 2021-жылдын мартына чейин өзүнүн тууганы Рамзан Кадыровдун администрация башчысы болуп иштеген, ошол эле маалда чечен өкмөтүнүн төрагасы болгон. 2023-жылы активдерин Москва улутташтырып алган франциялык йогурт чыгарган Danone компаниясынын Орусиядагы филиалынын жетекчиси болуп дайындалган. 2023-жылы ноябрда Украинадагы согушка байланыштуу атасы, саясатчы Салман Закриев менен кошо АКШнын санкциясына илинген. 2024-жылы Британиянын "Путиндин согуш машинесине" каршы санкциясына орус армиясы Украинага басып кирип, негизсиз согуш ачкандан кийин андан пайда көргөндөрүн бири деген негизде кирген.