Кытай лидери Борбор Азия сапарын баштады

Түркмөнстан -- Кытай лидери Си Цзинпин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов менен. Ашгабат, 3-сентябрь, 2013.

Си Цзинпин региондун 4 өлкөсүн кыдыруу менен экономикалык жана саясий алакаларды бекемдөөнү көздөөдө.
Ушул мартта Кытайдын жогорку кызматына киришкен Си Цзинпин алгачкы турнеси учурунда Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстанда болуп, сапарын Кыргызстанда аяктамакчы. 13-сентябрда ал Шанхай Кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине катышат.

Жоржтаун университетинин профессору Жэймс Рирдон-Андерсондун пикиринде, бул визит Борбор Азия Кытай үчүн стратегиялык мааниге көбүрөөк ээ болуп баратканын далилдейт:

- Кытай лидери беш жумурияттын төртөөнө барганы жатат. Бул – мурда болуп көрбөгөн окуя. Кытай мамлекетинин башчысы буга чейин региондо мынчалык көп убакыт өткөргөн эмес. Мунун өзү эле региондун Кытайдын келечеги үчүн маанисин көргөзөт.

Шейшембиде Ашгабадда кол коюлган келишимге ылайык, 2020-жылга чейин Түркмөнстан Кытайга саткан газынын көлөмүн жылына 65 миллиард куб метрге чейин жеткирмекчи.

Газ менен катар мунай булактарын да камсыздоону көздөгөн президент “Чоң Жыйырманын” Сантак-Петербургдагы саммитинен кайтып келип, 6-8-сентябрда Астанага токтойт. Казакстан – Борбор Азиянын эң ири мунай экспортеру. Бирок ал жакта Кытайга казак экспортунун ири бөлүгүн көзөмөлдөөнү каалаган Орусия менен атаандашууга туура келчүдөй.

Кремль стратегиясынын өзөгүндө мурдагы СССР өлкөлөрүн Беларус жана Казакстан менен түзүлгөн Бажы биримдигине тартуу максаты турат.
Экономикалык блок түптөө менен Москва Казакстан мунайынын Европага Орусиядагы куурлар аркылуу ташылышын көздөйт.

Бирок бул саясаттын ишке ашуусуна Украина, Молдова жана Беларус менен соода талаштары тоскоол болууда. Ошол талаштар Бээжин үчүн ыңгайлуу шарт түзүшү мүмкүн, - дейт Рирдон-Андерсон.

- Кытай менен Орусия Казакстан мунайын экспорттоо жолдорун көзөмөлдөөнү маанилүү деп эсептешет. Экөө тең бул жаатта көп аракет көрүүдө. Казакстандын түбөлүк президенти Назарбаев эки тарап менен бири-бирине каршы натыйжалуу ойноп келди. Мунайды ташуу жана анын баасы боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат десек болот.

2014-жылы НАТО күчтөрүнүн Ооганстандан чегинээрин белгилеген аналитиктер Цзинпин Борбор Азиядагы коңшулар менен жакшы алака түзүү аркылуу өлкө батышындагы чек араларда коопсуздукту бекемдөөнү каалайт дешет. Бээжинди Борбор Азиядагы уйгурлар менен Кытайдагы уйгур жикчилери ортосундагы байланыштар менен катар экстремисттик диний топтор, маңаткезчилери өтө чочулатат.

Айрым кытайлык аналитиктер НАТОнун Ооганстандагы контингентинин чыгарылышы жана Борбор Азия аркылуу өткөн коридордун жабылышы Кытайга чөлкөмдөгү жумурияттар менен коопсуздук алакаларын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет дешет.
Муну менен Бээжин сепаратизм, диний экстремизм жана терроризм деген “үч шайтанга” каршы күрөштө Борбор Азиядагы коңшулары менен жакындан кызматташа алмакчы.

.