Кытайлык боордоштордун концерти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном округунан келген чыгармачыл топ 22-март күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында чоң программадагы концерт уюштурушту. Эки саатка созулган саамалыкта боордоштор ырдап, бийлеп, “Манас” айтып, комуз, ооз комузда кол ойнотуп беришти. Концерттин алкагында айрымдарын “Азаттык” кепке тартты.