Чакан Бутан өлкөсү 16 күндө калкынын эрезеге жеткен бөлүгүнүн 93 пайызын эмдеди

Гималайдагы Бутан падышалыгынын ордо шаары Тхимпху (Thimphu). 2017-жылдын 11-декабры.

Түштүк Азиядагы Гималай тоолорунда жайгашкан Бутан падышалыгында калктын эрезеге жеткен кишилеринин 93 пайызы коронавируска каршы алгачкы жолку эмдөөдөн жарым айдын ичинде эле өткөрүлдү. Бул ийгиликке жарандык коом да салым кошту.


Адатта, дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө ийгиликтүү жүргүзүлгөн өлкөлөр тууралуу маалымат угууга камынганда, кишилер кубаттуу, бай, өзүндө дары өндүрүлгөн мамлекеттердин аталышын угабыз го деп ойлошот.

Көрсө, камбылдык аракет чакан өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө да таандык көрүнүш экен.

Дагы караңыз Бразилияда жергиликтүү вакцина талапкерлеринин бет ачары болду

“COVID-19” илдетине каршы эмдөөнүн дүйнөлүк жүрүмүн жадыбалга жана траекториялык сызыкка түшүрсөк, анда Түштүк Азиядагы Гималай тоолорунда жайгашкан Бутан (Bhutan) падышалыгынын көрсөткүчү нөл болуп келип, андан соң март айынын соңунда эле асманга атырылып чыккандыгын, тээ “чокуда жүргөн” Израил, Чили, Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары, Бахрейн жана башка өлкөлөрдү тез арада ашып кеткендигин көрүүгө болот.

Дагы караңыз Калктын дээрлик жарымы эмделген Израилде турмуш жанданат


Берки Бутандан башка өлкөлөр коронавирус жуккан учурлар көбөйүп жаткан шартта эмдөө өнөктүгүн күчөтүп, азыркы ийгиликтерине жетүү үчүн жан талашып бир нече ай сарп кылышты.

Ал эми чакан Бутан өлкөсүнө келсек, мындагы эмдөө өнөктүгү башталгандан 16 күн өткөндөн кийин эле бул мүдөөнүн алгачкы баскычы дээрлик соңуна чыгып калды.

Дагы караңыз COVID-19: «AstraZeneca» үчүн жашыл жарык


Индия менен Кытайдын ортосунда кыпчылган “тепкедей болгон” Гималай падышалыгы быйыл 27-марттан баштап калкын коронавируска каршы эмдөөгө киришип, кыска убакытта калайыгынын эрезеге жеткен бөлүгүнүн дээрлик 93%ын биринчи ийне сайып эмдөөдөн өткөрдү. Алгачкы күнү эле 85,949 киши эмдөөдөн өткөн.

Жалпысынан, падышалыктагы 800,000 кишинин (бул санга жашы жете электер да кирет) 62%ы алгачкы эмдөөдөн өттү.

Вакцина менен эмдөөнүн ушунчалык тез арада жүргүзүлүшү боюнча Бутандан алдыда бир гана өлкө бар. Ал – Чыгыш Африкадагы Сейшел Аралдары Жумурияты. Сейшел Аралдары Жумуриятынын 100 миңдей кишиден турган калкынын 66%га жакыны коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Иден аралы, Сейшел Аралдары Жумурияты.


Калктын чакан саны, албетте, Бутанга эмдөө өнөктүгүн тез арада жүргүзүүгө көмөк кылды, бирок анын ийгилигинин негизги кыймылдаткыч күчү – жарандык коом, анын ичинде “десууп” (Desuup) деп аталган ыктыярчылардын топтору болду.

Албетте, өкмөт да иш билгилик кылып, эмдөө үчүн машыгуулар өткөргөн чакта өлкө аймактарында калыптандырып алган муздаткычтар чынжыры да олуттуу мааниге ээ болду.

Дагы караңыз COVID-19: АКШ эмдөөнү тездетти


Бутан падышалыгы Оксфорд университети менен “AstraZeneca” компаниясы биргелешип өндүргөн “AstraZeneca” вакцинасынын индиялык вариантынын алгачкы 150 миң ийнесин быйыл январда эле коңшу Индиядан алган.

Андан бери алар муздаткычтарда сакталып, улам жаңы вакциналар топтоло берген. Март айынын 27синен тартып эмдөө ишин бутандыктар бутпарастык (буддизмге таандык) астрологиянын жылдыздар тогошкон учуруна, алар үчүн куттуу саналган күнгө таяп туруп аныкташкан.



“Экономист” басылмасы да Бутандын зор ийгилигин 2021-жылы 9-апрелде “Твиттер” барагындагы чийме жадыбал аркылуу шардана кылды.

Биринчи ийнени маймыл жылы туулган Нинда Дема аттуу бир аял салтанаттуу түрдө сайдырды. Бул жөрөлгө бутпарас сыйынуучуларынын табынуу сөздөрүн чогуу айтуусу менен коштолуп турду.

30 жаштагы Нинда Дема: "Ылайым менин бүгүнкү кичинекей кадамым бардыгыбызга ушул ооруну жеңип чыгууга огожо болсо экен!" – деп тилек айткандыгын өлкөнүн “Куэнсел” гезити жазып чыкты.

Бутандын Саламаттык сактоо министри – Дечен Вангмо (Dechen Wangmo) айым. Ал 1976-жылы туулган. Дечен Вангмо АКШнын Бостон шаарындагы Түндүк-Чыгыш Университетинен жүрөк-өпкө жандандыруу тармагы боюнча бакалавр даражасын алган жана андан соң АКШнын Йел университетинде коомдук саламаттык адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Бутандын саламаттык сактоо министри Дечен Вангмо айым (ортодо) жана анын тобу Сактенг Друнгхаг баштапкы саламаттык сактоо борборуна келди. Бутан. 2021-жылдын 5-марты.

Дечен Вангмо айым 2018-жылдан бери Бутандын саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп келет. Бир эле учурда ал социал-демократиялык партиянын депутаты – Бутан Улуттук жыйынынын мүчөсү.

9-апрелде Бутандын саламаттыкты сактоо министрлигинин “Фейсбуктагы” барагында министр Дечен Вангмо айымдын: "Акыркы чакырымдагы биздин ыйык милдетибиз" деген сөздөрү камтылган кайрылуусу жарыяланды.


Министрликтин кайрылуусунда эрезеге жеткен калайыктын 472 миңден ашууну (бул – эрезеге жеткендердин жалпы санынын 93 пайыздайын түзөт) 27-марттан 8-апрелдин кечине чейин коронавируска каршы алгачкы эмдөөдөн өткөндүгү шаттануу менен жарыяланган жана анча-мынча пайыз үлүштү түзгөн башка да эрезеге жеткен мекендештер тез арада эмдөөдөн өтүп, өздөрүнүн жарандык милдетин аткаруусу керектиги эскертилген.

Бутандын Саламаттык сактоо министрлигинин 1-марттан берки жаңы катчысы (министрден кийинки орундагы жетекчиси), өлкөнүн Коомдук саламаттык башкармалыгынын мурдагы башчысы, доктор Пандуп Церинг (Pandup Tshering) мырза эмдөө өнөктүгү маалында эмделүүгө үлгүрбөй калгандар азыр да вакцина сайдырып жатышкандыгын жана өлкөнүн дары-дармек кампасында бүтүндөй калкты камтууга жетиштүү вакцина үлүштөрү бар экендигин айтты.

Бутандын Саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөш жаатындагы маалыматы. 2021-жылдын 12-апрелиндеги жадыбал.


12-апрелге карата Бутан падышалыгында жалпысынан 921 киши коронавирус жугузуп алган, алардын ичинен 875 киши айыгып, 1 киши каза болгон. Өлкөгө келген бардык кишилер үчүн милдеттүү түрдө 21 күндүк карантин киргизилген.

12-апрелге карата 475,651 киши коронавируска каршы толук эмделди.

Дагы караңыз Кыргызстан эмдөөнү Кытай берген вакцина менен баштады

Церинг мырзанын айтымында, падышалыктагы бардык мектептер жана билим берүү мекемелеринин каалгалары ачык, бирок бардыгында тең “COVID-19” илдетине каршы эрежелер кыйшаюусуз сакталышына көзөмөл жүргүзүлүп келет.

Гималайдагы бул чакан өлкөнүн өрнөгү башка чакан жана орто мамлекеттерди да коронавируска каршы байсалдуу эмдөө ишине шыктандырууда. Мындагы жарандык демилгелерден тышкары эмдөөгө катышкан адистердин алдын-ала кесиптик машыгуулары да эске алынууга тийиш.

Дагы караңыз Индия неге Oxford / AstraZeneca вакцинасын жактырды?


Бутан – Гималай тоолорунда алигиче сакталып калган акыркы бутпарастык падышалык. Бирок бул чакан өлкө чексиз жеке бийликтен чектелген жеке бийликке – демократиялык, конституциялык монархияга өсүп чыкты.