Крымдагы орусиялык аскерлердин кайгуулу

Украинанын автономиялык аймагы болгон Крымдын борбору Симферополдогу аткаруу бийлигинин имаратынын сыртында орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлердин бири сакчы болуп турат. (REUTERS/Thomas Peter).

Симферополдун жанында жүрүш жасап келаткан украин аскерлеринин артынан орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлердин унаасы ээрчип келүүдө. (REUTERS/David Mdzinarishvili).

Орусиячыл казак-орустардын бири Симферополдо Крым аймагынын парламентинин имаратында сакчы болуп турат. (REUTERS/Thomas Peter).

Крымдын Феодосия шаарынын чет жакасындагы украиналык аскер деңиз флотунун базасына карай кетчү жолду орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлер тороп турушат. (EPA/ARTUR SHVARTS).

Феодосиядагы украиндик аскер деңиз флотунун базасынын сыртында бир украин айымы орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлер менен сүйлөшүүдө. (EPA/ARTUR SHVARTS).

Симферопол шаарынын чет жакасындагы украиндик аскер бекетинин сыртында орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлер кайгуулда турушат. Ары жакта дарбазанын ичинен украин жоокерин көрүнүп турат. Крым аймагы, Украина. (REUTERS/David Mdzinarishvili).

Симферополдун чет жакасындагы Любимовка кыштагында украин аскерлери өздөрүнүн аскер жайын кайтарышууда. Крым, Украина. (REUTERS/Vasily Fedosenko).

Украинанын аскер аба күчтөрүнө таандык учак Феодосиянын сыртындагы украиндик деңиз аскер флотунун базасынын үстүнөн учуп өтүүдө. Бул базаны да орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлер сыртынан камалап турушат. Крым, Украина. (EPA/ARTUR SHVARTS).

Орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокер Симферополдогу украин аскер базасынын сыртында кайгуулда турат. Крым, Украина. (REUTERS/Thomas Peter).

Симферополдун чет жакасындагы Перевальное кыштагында жайгашкан украин аскер жайынын сыртында орусиялык экендиги жоромолдонгон куралчан жоокерлер кайгуулда жүрөт.  (REUTERS/Baz Ratner).

Орусиялык экендиги жоромолдонгон жоокерлердин аскер унаалары Перевальное кыштагындагы украин аскер жайынын сыртында турат. Симферополдун чет жакасы, Крым автоном аймагы, Украина.  (REUTERS/David Mdzinarishvili).