Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Украинада эми "Бүркүт" жок


Киевдеги нааразылык акциясына каршы чыккан бүркүтчүлөр. 22-январь, 2014-жыл.
Киевдеги нааразылык акциясына каршы чыккан бүркүтчүлөр. 22-январь, 2014-жыл.

Украинанын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсений Аваков министрликтин атайын түзүмү - “Бүркүттү” жоюу боюнча буйрукка кол койду.

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов болсо эми өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын милдетин да аткармай болду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды.

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында “Эми “Бүркүт” жок” деп жазды. 5000 адамдан турган “Бүркүт” атайын даярдыктан өтүп, көбүнчө митингдерге каршы колдонулуп келген. Алар жакында Киевдеги демонстрацияларда көздөн жаш агызчу газ, граната, желим окторду колдонушкан. Оппозиция октон каза тапкан протестчилердин өлүмү үчүн да “Бүркүттү” күнөөлөп жатат. “Бүркүт” желим окторду колдонгонун гана айтып келген. Аваков ИИМдин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча иликтөөнү баштап, бул боюнча атайын комиссия түзүлдү.

“Бүркүттү” ликвидациялоону буга чейин Жогорку Раданын “Свобода” фракциясынын депутаттары да сунушташкан. Мындай мыйзам долбоор парламентке 23-февралда келип түшкөн. Турчинов коопсуздукту айрым күчтөр камсыздашы керек деген жүйөө менен документти четке каккан.

Арсен Аваков.
Арсен Аваков.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Украина Батыш жана Чыгыштын ортосундагы таймаштын талаасына айланбашы керек деген оюн айтты. Керри бул тууралуу шейшемби күнү Вашингтондо Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг менен сүйлөшкөндөн кийин билдирди:

- Бул жерде Батыш жана Чыгыш бири-бирине каршы ойноп жаткан жери жок. Андай болбошу керек. Бул Орусиянын, АКШнын же башкалардын тандоосу эмес. Кеп украиналыктардын өз келечегин тандап жаткандыгы тууралуу болуп жатат.

Британ тышкы иштер министри Киевдин жаңы саясий лидерлерин реформаларды өткөрүүгө жана коррупцияга каршы чыгууга үндөдү. Хейг билдиргендей, жаңы өкмөттүн түзүлүшү Киевге эл аралык коомчулуктан каржылык жардам алууга жол ачат:

- Биз жаңы лидерлерди саясий мунасага жетишүү үчүн өкмөттү тезинен куроого үндөйбүз.

Учурда Украинанын жаңы лидерлери бирдиктүү өкмөттүн курамын талкуулап жатышат. Жаңы өкмөттүн курамы бүгүн кечинде Киевдин борбордук аянтында жарыяланаары күтүлүүдө. Парламент бул боюнча бейшембиде добуш бериши ыктымал.

Симферополдогу митинг.
Симферополдогу митинг.
Батыштын расмий өкүлдөрү Украинага өтө керек каржылык жардамды жаңы бирдиктүү өкмөт куралган соң талкууларын айтышууда.

Хейг жакында Украинага келиши күтүлүүдө. АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уильям Бернс экинчи күнү Киевге келди.

Ал арада Крымдын парламенти бүгүн Украинадагы бийликтин алмашуусунан кийинки саясий кырдаалды талкуулаганы жатат.

Крым парламентинин алдында жаңы украин бийликтерине каршы мөөнөтсүз акция уланууда. Акциянын катышуучулары Крымдын 1992-жылдагы Баш мыйзамын калыбына келтирүү талабын коюшууда. Ага ылайык, Крымдын мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Башкы талап - бул референдум өткөрүп, Крымдын макамын аныктоо.

Орусия Украинанын жаңы бийликтерин өлкөдөгү орус улутундагыларга кысым жасоодо деп айыптоодо. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмун Украинанын батышындагы “улутчул жана нео-фашисттик” маанайдагы чакырыктарын айыптоого үндөдү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG