Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Украина: Крымдагы орус сепаратизми


Белогорск шаарына кире бериштеги Майданга каршы жарнак.
Белогорск шаарына кире бериштеги Майданга каршы жарнак.

Саясий, экономикалык кризистин кучагында калган Украинада Киевдеги дүрбөлөңдүн эпкини Кара деңиз боюндагы стратегиялык маанидеги Крым жарым аралына чейин жетүүдө.

"Азаттыктын" кабарчысы Роберт Коалсон Крымдан айрым орусиячыл уюмдардын Украинанын аймактык биримдигине шек келтирген ишмердүүлүгүнө күбө болгондугун билдирүүдө.

Симферопол шаарындагы көп кабаттуу эски үйдүн жер төлөсү. Дубалда Крым картасынын үстүндө Ата Мекендик согуштун орок менен балка чегилген медалы илинген. Жанында «Орусия менен биргебиз» деген бадырайган жазуу.

Мында Крым парламентинин депутаты Сергей Шувайников Крым жарым аралындагы этникалык орустардын укугун талашкан ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Анын айтымында, Украинада орус тилине жана орус маданиятына чабуул жасалууда.

Крым парламентинин депутаты Сергей Шувайников
Крым парламентинин депутаты Сергей Шувайников
«Бул орустарды жекелөөнү көздөгөн саясий турумдан улам болуп жатат. Орус тилисиз орустар эл болуудан калат. Бул саясаттын максаты - Украинадагы орус элин улут катары жок кылуу» деп күйүп-бышат ал.

Украинада бир гана ушул Крымда орустар көпчүлүктү түзөт. 2 миллион калктын 60 пайызга жакыны орустар. 18-кылымдан мындан 60 жыл мурдагыга чейин Крым Орусиянын курамында болгон.

Украинада сепаратизмге ачык чакырууга тыюу салынганы менен, орусиячыл көптөгөн уюмдар президент Янукович оппозиция менен ымалашып кетсе, Крымдын автономиясын күч алдырыш керек деп чыгууда. Алар Киевдеги европачыл оппозицияны «фашисттер» деп тергешет.

Симферополдон 40 чакырымдай аралыкта Белгорск деген шаар бар. Мурда татарча Кара-Суу базар деп аталып, Жибек жолундагы маанилүү соода түйүнү болгон.

Татар куурчактары.
Татар куурчактары.
Бүгүн Белагорсктун 18 миң калкы дээрлик теңме-тең орус, татар, украиндерден турат. Шаардын мэри, улуту татар Алберт Канжиев Белагорскто тынч болгону менен, сырткы күчтөрдүн кийлигишүү коркунучунан кооптонот.

Мында крым татарларын жектегендер четтен чыгат. Алардын бири Ялта шаарынын тургуну Ирина. Ал Сталин 1944-жылы Борбор Азияга айдаган крым татарларынын кайтып келишине ичи чыкпай жүрөт:

- Татарларды репрессиялап, депортациялаптыр дейли. Азыр эми буга эч кандай тиешеси жок өзбектер келип алышып, татарбыз деп, жер алып, анан аны сатып, маарып жатышат. Кайдагы өзбектер татарбыз деп келип алышты. Анан эле «Келе, келе!» деп турушат.

12 - февралда Орус коммунисттер конгресси менен Орус Майданы баш болгон 20дан ашык орусиячыл уюм Крымдагы орустардын абалын талкуулашты. Талкууга Москвадан Скайп байланышы аркылуу жикчилдиги үчүн Украинадан депортацияланган Крымдын 1990-жылдардагы президенти Юрий Мешков катышты.

Орусиячыл уюмдардын чогулушу. Алар Скайп аркылуу Юрий Мешков менен сүйлөшүүдө.
Орусиячыл уюмдардын чогулушу. Алар Скайп аркылуу Юрий Мешков менен сүйлөшүүдө.
Жыйында Орус Майданынын өкүлү Валерий Подячи да болду. Подячи Киев бийликтерин Украинанын карызы үчүн Крымды Орусияга кайтарууга чакырып келет.

Бирок Крымды Москванын кучагына түртүү аракеттери Крымдагы татар жамаатын ынандырбайт. Крым татарларынын парламенти болгон Межлистин төрагасы Рефат Чубарис СССР кулагандан бери эле Москва Крымда аймактык кырдыбычак абалды кайраштырып келатканын белгилейт:

- Mосква мурдагы советтик аймактардан кантип кол жууп калбаштын эле алекетинде болуп келбедиби. Тоолуу Карабах, Днестр, Грузияда эмне болду?! Москва Крымды бүт Украинаны мыжыгып, кармап туруунун куралы катары санайт.

Ал арада Орусия президентинин кеңешчиси Владислав Сурков Крымга жашыруун келип, Крымдын премьер-министри, парламенттин спикери, Севастополдун губернатору менен тымызын сүйлөшүү жүргүзүп кетти. Эми спикер ушул жумада Москвага барып, Думанын төрагасы менен жолугушаары айтылууда.

XS
SM
MD
LG