Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Путин Украинаны "жоготкусу" келбейт


Декабрдын башында Киевдеги өкмөткө каршы демонстранттар Лениндин эстелигин жыгып талкалашты.
Декабрдын башында Киевдеги өкмөткө каршы демонстранттар Лениндин эстелигин жыгып талкалашты.

Украинада президент Виктор Януковичтин бийликтен кулатылышын азыр расмий Москванын саясий жана экономикалык таасир орбитасынан украин темасы улам жоголуп бараткан таризде баалап жатышат. Украинадагы саясий өзгөрүүлөрдүн геосаясий жаңырыгы эмнеден кабар берет?

Украинанын тигил же бул жеринде советтик лидер Владимир Лениндин эстелиги кулатылган сайын орус президенти Владимир Путин Украинаны “жоготту” деген ой келет.

Америкалык президент Барак Обама бирок 19-февралда Мексикага сапары маалындагы сөзүндө “кансыз согушка” байланыштуу андай риторикадан оолак болгонго аракет кылганы байкалды.

"Биздин Кошмо Штаттар катары аракетибиз муну кудум Орусия менен атаандаштык деп караган шахмат тактасындагы оюндай кабылданбайт, - деди Обама. - Биздин максат – украин эли өз тагдырын өзү чече алгыдай болушуна жетишүү".

Бирок учурдагы катаал геосаясий реалдуулук такыр башкача абалды көрсөтүп турат. 1991-жылы эгемендикке жетишкенден бери эле Украина жалпы постсоветтик аймакка таасирин күчөткүсү келген Орусия үчүн да, Батыш үчүн да кызыкчылыктар кагылышкан аймак болуп келатат.

Украинанын мурдагы президенти Леонид Кравчук “Азаттыктын” орус кызматына сүйлөп: "Украинасыз Европанын кеңири аймагында өз ордун таба албай калаарын, АКШга атаандаш болгудай жаңы, күчтүү структураны Киев менен гана түзө алаарын түшүнгөн Орусия Украинаны өзүнүн кучагынан чыгарбоону стратегиялык чечими катары кабыл алды", - деди.

АКШнын Киевдеги мурдагы элчиси Стивен Пайфер ушул эле нукта ой улап: "Орустарда кызыкчылык жогору. Бул - Владимир Путин үчүн үлкөн нерсе. Ал бүтүн постсоветтик аймакта таасирин күчөтүүнү каалайт. Анын олчойгон бөлүгүн Бажы союзу түзмөк, - деди. - Эгерде Украина Евробиримдикке жакындап баратса, демек, ошол таасир сферасында чоң жыртык пайда болот. Бул менимче, Путиндин өз элинин алдындагы жүзү, таасири үчүн да маанилүү. Анткени Украинаны кайтаруу Орусияда элге жагат, колдон чыгаруу – жакмак эмес, популярдуу саясат эмес".

Дегинкиси Украинанын Орусия үчүн мааниси популярдуулук саясаты менен эле ченелбейт, албетте. Британиядагы Independent басылмасына 23-февралда жазган макаласында Эндрю Уилсон “Украинада чыныгы демократиянын жаралышы Владимир Путин 2000-жылдан бери куруп келаткан системанын бүтүндөй кыйрашына алып келмек” деп жазды.

Москванын Украинада кызыкчылыгы саясий гана мүдөө менен эмес, өтө реалдуу, үлкөн экономикалык кызыкчылыктарга да негизделген. Маселен, анын Кара деңиз флоту Крымдагы Севастополь шаарында жайгашкан, жаратылыш газынын көпчүлүк бөлүгү Европага дал ушул Украинанын аймагы аркылуу өтөт.

Ал арада Орусия азыр өлкөнү бөлүп-жарып, анда сепаратисттик маанайды күчөтүү үчүн Украинанын автономиялык региону Крымдагы орус тилдүү калкка орус паспортторун таркатышы мүмкүн экени тууралуу кабар тарады.

Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий ушуга окшогон билдирүүнү ушул күндөрү Крымга барганда жасаганын жазышууда. Бирок Слуцкий өзү “аны журналисттер натуура түшүнгөнүн” гана айтып чектелүүдө.

Украин маалымат каражаттарынын биринде мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвилинин “эскертүү-интервьюсу” жарыяланды. Анда Саакашвили Киевге Орусиядан этият болууга, анткени “Крымда Москва учурунда Грузиянын Абхазия жана Түштүк Осетия республикаларында таркаткан сепаратисттик ишмердигин кайра жүргүзүшү мүмкүн экенин” билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG