Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Орусия Украинанын жаңы бийлигин жерип жатат


Украина, Европа Биримдиги жана Орусиянын желектери.
Украина, Европа Биримдиги жана Орусиянын желектери.

Европа комиссиясы Украинанын жаңы бийлигин тааныса, Орусия анын легитимдүүлүгүнөн күмөн санап, а түгүл айрым кадамдарын кескин сынга алды.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө ырасталгандай, Украинада азыр жаңы бийликке каршы чыккандарды кысмактоо үчүн “диктаторлук, атүгүл кээде террористтик ыкмалар” колдонулуп жатат. Орус ТИМи ошондой эле украин парламентин этникалык орустардын укугун чектеген мыйзамдарды кабыл алганы үчүн айыптады.

Москванын пикиринде, Батыш өлкөлөрү Украинанын тагдырына кооптонуп жатканын айтканы менен алар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн “бир тараптуу геосаясий эсептерге” тартылууда.

Орус Тышкы иштер министрлигинин мына ушундай мазмундагы билдирүүсүнө чейин премьер-министр Дмитрий Медведев Москва Киевдеги жаңы бийликтердин легитимдүүлүгүнөн күмөн санап турганын айткан эле:

- Азыр ал жакта иштеп жаткан бийлик органдарынын легитимдүүлүгү күмөн саноо жаратат. Биздин кээ бир чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз, Батыштагы өнөктөштөрүбүз башкача ойлоп, легимтимдүү деп саноодо. Бирок алар кайсы Конституцияны, мыйзамдарды окуп алганын мен билбейм. Бул жөн гана аң-сезимди бурмалагандык го. Маңызы жагынан куралдуу козголоңдун жыйынтыгына легитимдүүлүк берилип жатат.

Орус өкмөт башчысы Киевде азыр Москва сүйлөшкүдөй эч ким жоктугун, “Калашников автоматын көтөргөн беткапчан адамдар” аларга диалог үчүн өнөктөш боло албасын белгиледи.

Бул аралыкта Еврошаркеттин аткаруучу органы - Еврокомиссия Александр Турчиновду Украинанын утурумдук президенти катары тааныды.

Еврошаркет ошондой эле Украинанын шайлоодон кийинки өкмөтү Брюссель менен мурдагы бийлик четке каккан Ассоциация жана эркин соода келишимин түзө алаарын билдирүүдө.

Шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон учурда Киевде жаңы бийлик менен экономиканы кайра тикелөө жолдорун талкуулоо үчүн жүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчиновдун айтымында, өлкө экономикасы “жарга кулабашы” үчүн эл аралык жардам зарыл жана алдыдагы эки жылда 35 миллиард доллар талап кылынат.

Украинага жардам ажыратууну тездетүү зарылдыгын Батыш дипломаттары да айтууда. Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер кечээ Мадриддеги басма сөз жыйыны учурунда буларды айтты:

- Европа өз тарабынан жардам көргөзүүгө даярдыкты баштоосу абзел. Мүмкүн болгон эки нерсе бар. Биринчиси - Европа өз корлорунан кандай жардам бере алаарын текшерип көрүшү керек. Экинчиси - Украинага Эл аралык Валюта корунун шарттары боюнча насыя алууга жардамдашуу.

Кызматтан четтетилген президент Янукович Еврошаркет менен макулдашууларды четке каккандан кийин Орусия Киевге 15 миллиард доллар насыя убада кылган. Анын эки миллиард доллар өлчөмүндөгү алгачкы траншы берилген. Ал эми калган бөлүгүнүн ажыратылышы эми арсар болуп турат.

Бүгүн Киевге АКШнын чабарманы - Мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бернс келип, жаңы бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөргөнү жатат.

Кечээ Ак үйдүн өкүлү Жей Карни Вашингтондогу басма сөз жыйында АКШ Александр Турчиновду Украинанын легитимдүү лидери катары санаар-санабасын айтуудан баш тартты. Бирок ал парламент төрагалыгына мыйзамдуу шайланганын белгиледи.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жен Псаки Киевдеги утурумдук бийлик боюнча АКШ турумун чечмелеп, мындай деди:

- Бул шайланган парламент Янукович жана анын өкмөтүндөгү лидерлердин дээрлик баары Киевден кеткенден соң жаралган боштукту толтуруп жаткан учур. Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Сьюзен Райс айткандай, Янукович эмеректерин, буюмдарын жыйнап Киевден кетип калган. Бизде анын кайсы жерде экендиги боюнча башка маалымат жок. Демек, кызматка киришкен расмий өкүлдөр жетекчиликте жаралган боштукка жооп чара көрүштү.

Кызматтан четтетилген президент Януковичке болсо Украинанын утурумдук бийликтери демонстранттардын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында издөө жарыялашты. Айтымда, Януковичти акыркы ирет Крымдан көрүшкөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG