Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Украина: кызыкчылыктар кагылышы


Франк - Вальтер Штайнмайер жана Сергей Лавров Москвада. 14-февраль, 2014-жыл.
Франк - Вальтер Штайнмайер жана Сергей Лавров Москвада. 14-февраль, 2014-жыл.

Орусия Батышка Украинадагы саясий кризиске кийлигишпөөнү кайрадан эскертти. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бул тууралуу бүгүн Москвада немис дипломатиясынын башчысы менен жолугушуу учурунда айтты.

Ал аралыкта Еврошаркет украин лидерлери менен оппозициясын коалициялык өкмөт куруу боюнча чукул чараларды көрүүгө чакырууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жума күнү Москвада немис дипломатиясынын башчысы Франк - Вальтер Штайнмайер менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында белгилегендей, украин жарандарына маселени өздөрү чечүүсүнө мүмкүндүк берүү керек:

- Биздин турумубуз жакшы белгилүү. Биз саясий кризисти жөнгөрүүнүн жолу украиндердин өздөрү тарабынан табылышын жактайбыз. Бул украин элинин кызыкчылыгына жооп бермек. Украинанын башкы өнөктөштөрү да ушул эле принципти карманат деп ойлойбуз.

Украинадагы азыркы саясий кризис тутанганына үч айга аяк басты. Буга былтыр ноябрда украин президенти Виктор Януковичтин Еврошаркет менен соода жана саясий жактан жакындашуу келишиминен баш тартуусу түрткү берди. Көптөр ал мындай кадамга Москванын кысымы астында аргасыз барганын айтышкан.

Украин бийликтеринин чечими Еврошаркетке жакындашууну жактагандардын саргылт ыңкылаптан берки эң ири демонстрациялары менен коштолду. Нааразылык акциялар азыр да уланып жатат.

Орусиянын тышкы иштер министри Москвадагы басма сөз жыйында Еврошаркетти “таасир көргөзүү чөйрөсүн жаратууга” аракеттенип жатат деп айыптап, Януковичтин орусиячыл өкмөтү менен батышчыл оппозиция ортосундагы саясий талашка ортомчулук кылуудагы дипломатиялык аракетин сынга алды:

- Күн сайын эмиссарларды жөнөтүп коюп, ошол эле учурда эркин тандоо жөнүндө айтуу туура же сылык көрүнбөйт. Алар (эмиссарлар) Киевге чакыруусуз эле келип, украин жетекчилигин Еврошаркет жана АКШ түрткөн тандоону жасоого ынандырып жатышат.

Ушул аптада Киевге Евршаркеттин кеңейүү иштери боюнча комиссары Штефан Фүле кайтып келген. Ал украин бийликтерине активисттер менен демонстранттарды куугунтук кылбоону эскертип, эки тарапты президенттин ыйгарым укугун чектеп, парламенттикин чыңдоочу конституциялык реформаны макулдашууга, коалициялык өкмөт курууну тездетүүгө чакырды:

Штефан Фүле.
Штефан Фүле.
- Мен бул жердеги сүйлөшүүлөрүмдөн түшүнгөндөй, конституциялык реформа, жаңы коалициялык өкмөттү куроо жана эркин, адилет шайлоону өткөрүү боюнча чукул кадамдарды жасоо зарылчылыгы бар.

Бирок оппозиция лидерлери президент Виктор Янукович бийликте турган шартта өкмөттүн курамына кирбей турганын айтышууда.

Саясий тирешти жөнгөрүү үчүн мурдараак Янукович премьер-министрдин кызматын оппозиция лидерлеринин бири Арсений Яценюкка сунуштаган. Ал бейшембидеги басма сөз жыйында бул сунушту кайрадан четке какты:

- Оппозицияны өкмөттөгү кызмат орундары менен паралоо зарылчылыгы жок. Биздин турумубуз мындай: биз премьер-министрдин кызматын кабыл албайбыз. Биз өлкөдөгү абал үчүн жалпы жоопкерчиликке макулбуз. Бул өкмөттү толугу менен куроо дегенди туюндурат.

Орус тышкы иштер министри менен жума күнү Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөргөн немис тышкы иштер министри Франк - Вальтер Штайнмайер өз тарабынан Орусия менен Батыш ортосунда Украина боюнча "кандайдыр бир атаандаштык" бардыгын моюнга алды.

Арсений Яценюк
Арсений Яценюк
Бирок ал Украинаны "геосаясаттагы шахмат оюну" катары кароо Орусия менен Еврошаркет алака-катышынын өнүгүүсүнө терс таасир тийгизерине токтолуп, кризисти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөдү.

Мунун алдында орус тышкы иштери Лавров “Коммерсант” гезитиндеги макаласында Украинадан улам Орусия менен Еврошаркеттин алакасы “чындык ачыкталуучу учурга” келгенин жазган болчу.

Бул аралыкта немистердин “Билдт” гезитинин маалымдаганына караганда, канцлер Ангела Меркел келерки шейшембиде Берлинде украин оппозициясынын лидерлери Виталий Кличко менен Арсений Яценюкту кабыл алганы жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG