Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Евромайданга чабуул болду


Майдан. Киев. 11-декабрь, 2013-жыл
Майдан. Киев. 11-декабрь, 2013-жыл

Шаршембиге караган түнү Киевде ИИМдин атайын күчтөрү менен “Бүркүт” тобу Евромайданды курчоого алып, чабуул койду. Атайын операция башталгандан кийин Майданга келгендердин саны кескин арбып, күч кызматкерлери өз аракетин токтотту.

Кошмо Штаттар менен Евробиримдик украин бийликтеринин нааразылыкка чыккандарга каршы күч колдонгонун айыптады. Мамлекеттик катчы Жон Керри тынч маанайда өтүп жаткан акцияга каршы бийликтердин колдонгон ыкмасы “эч бир демократиялык нормага сыйбасын” билдирди. Ак үй тараткан билдирүүдө “Кошмо Штаттар украин бийликтеринин Киевдин Майдан аянтында тынч митингге чыккандарга каршы полиция күчтөрүн, бульдозер, суу бүрккөн машинелерди колдонгону – адамдын ар-намысы менен демократиялык укуктарын сыйлабоосу” деп айтылат.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Твиттер баракчасына “Ушул тапта Киевдин Майданында эмне болуп жатканын тынчсыздануу менен карап жатабыз. Украина репрессиянын эмес, реформанын жолуна түшүүсү абзел”,- деп жазды.

Полициянын түнкү чабуулу Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон менен Кошмо Штаттардын мамкатчысынын орун басары Виктория Нуланд Киевге келген түнү болду. Жогорку даражадагы эки дипломат тең кечээ президент Янукович баштаган украин бийликтери менен жолугуп, саясий кризистен чыгуунун жолдорун талкуулашкан.

- Биз оппозициянын алдыңкы лидерлери менен жолуктук. Кошмо Штаттар Евробиримдик менен бирге Украинада кризистен кантип чыгуу керек деген маселенин жана адамдын ар-намысы менен укуктарын сактоонун үстүндө иштешет. Бүгүн кечинде президент Янукович менен жолугушууну күтүп атам”, – деди Виктория Нуланд журналисттерге 10-декабрь күнү Киевде оппозиция менен кезиккенден кийин.

Виктория Нуланд Киевде, 11.12.2013 (видео англис жана украин тилдеринде)
Нуланд: Украинанын Европа менен келечегин сактап калууга болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Шаршембиге караган түнү Киевдин борбордук аянтында баррикада куруп алып отургандарды атайын күч органдары келип сүрүп чыгара баштаган. Аларга удаа эле шаардын коммуналдык кызматы аянтты тазалоого киришкен. Жергиликтүү убакыт боюнча түнкү эки чамасында аскерлер Майданга кире бериштеги тосмолор менен баррикадаларды буза баштаган. Ал учурда атайын күчтөрдүн бир нече миң аскери Киев мэриясына, Профсоюздар үйүнө жана борбордук Институт көчөсүнө коюлган тосмолорду талкалашты. Чынжырдай тизилген митингчилердин арасында оппозиция лидерлери Арсений Яценюк жана Виталий Кличко турду, бирок ага карабастан атайын күчтөр адамдарды топ-топко бөлүп, аянттан сүрүп чыгара баштады. "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчылары көздөн жаш агызган газ колдонулганын маалымдашты.


10-декабрда президент Виктор Янукович Украина Евробиримдик менен алакасын бекемдейт, бирок ошол эле маалда “Орусия менен соода-сатык мамилесин дагы калыбына келтирүүсү зарылдыгын” белгилеген.
- Мен Европага жакындоо менен, Орусия менен мамилени бузууга караманча каршымын. Биз кайра биригүүнүн жолун табышыбыз абзел. Украинанын Орусия менен мамилеси жакшы болсо, Европанын дагы уйкусу тынч болот деп ойлойм. Биз өз кызыкчылыктарыбызды коргошубуз керек деген президент Янукович украин делегациясы шаршембиде Брюсселге бараарын кошумчалады.

Полициянын чабуулунан кийин Майданда 20 миңдей киши чатыр лагерде калганын "Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдирет. Киевде таң азандан баштап адамдар борбордук аянтты көздөй агылып, нааразылыкка чыккан активисттер баррикадаларды кайрадан кура баштаган.

Эки тараптан тең жараат алгандар бардыгы айтылууда. Ички иштер министрлиги 10 аскер жабыркаганын билдирсе, митингчилердин канчасы жараат алганы белгисиз. Онго жакын митингчини полиция кармады. Бийликтер болсо тартип коргоо органдарына каршы аракеттер массалык башаламандыкты уюштуруу катары каралаарын эскертти.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG