Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Янукович оппозиция менен сүйлөшүүгө макул


Украина, 1-декабрь, 2013-жыл
Украина, 1-декабрь, 2013-жыл

Украин президенти Виктор Янукович саясий кризистен чыгуу үчүн оппозиция катышкан тегерек үстөл өткөрөт. Бул демилгени Украинанын мурдагы президенти Леонид Кравчук көтөргөн.

Дүйшөмбү күнү кечинде Ички иштер министрлигинин аскерлери жана полициянын атайын күчтөрү Өкмөт үйүнүн тегерегиндеги европачылардын баррикадаларын бузуп, алар күн сайын демонстрация өткөрүп жаткан Төбөлсүздүк майданын курчоого алганы кабарланды.

Президент Виктор Януковичтин 9-декабрдагы билдирүүсүндө “жалпы улуттук тегерек стол өз ара түшүнүүнүн платформасы” болушу этимал экени белгиленет.

Янукович, билдирүүгө караганда, тегерек столдун демилгечиси, экс-советтик Украинанын биринчи лидери Леонид Кравчук, андан кийинки президенттер Леонид Кучма жана Виктор Ющенко менен шейшемби күнү кездешип, "өлкөдөгү талылуу маселелерди" талкуулайт.

Виктор Януковичтин Украинанын мурдагы жетекчиси Леонид Кравчук, экс-президенттер Леонид Кучма жана Виктор Янукович менен жолугушуусунан. 25-февраль, 2011-жыл
Виктор Януковичтин Украинанын мурдагы жетекчиси Леонид Кравчук, экс-президенттер Леонид Кучма жана Виктор Янукович менен жолугушуусунан. 25-февраль, 2011-жыл
Януковичтин Европа Биримдиги менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тартып, анын ордуна Орусия менен жакындашууну тандаганына каршы демонстрациялардын от алганына үч жумага чукулдап калды.

Бул нааразылык чыгуулар 2004-жылкы Саргылтым ыңкылаптан берки эң чоң саясий акция. Алар оболу өкмөттү кызматтан кетирип, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылса, акыркы күндөрү Януковичти да отставкага кетүүгө чакырышууда. Европачыл митингчилердин таламын өткөн аптада экс-президенттер: Кравчук, Кучма жана Ющенко колдогон.

Саясий кризисти жөндөөгө көмөктөшкөнү бейшемби күнү Украинага Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон келет. Анын өкүлү Мая Кочиянчичтин 9-декабрда маалымдашынча, Эштон айым Киевде эрегишкен эки жактын өкүлдөрү менен жолугушат.

- Мен, биринчиден, Биримдиктин Жогорку комиссары Кэтрин Эштон эртең жана шаршемби күнү Киевде эки күндүк визит менен болорун тастыктайм. Ал Киевде эки жактын: өкмөттүн жана оппозициянын, ошондой эле жарандык коомдун ана башылары менен жолугаары мерчемделүүдө,-деп билдирди Кочиянчич айым.

Евробиримдиктин Киевдеги элчиси Ян Томбинский дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө украин бийликтерин “тынч демонстранттарга каршы жөнсүз жерден полициянын атайын күчтөрүн колдонуу ынагыс” экенин эскертип, эки жакты өз ара сүйлөшүүгө үндөдү.

УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко
УДАР партиясынын лидери Виталий Кличко
Оппозициянын лидерлеринин бири, бокс боюнча дүйнө чемпиону Виталий Кличко 9-декабрда Рейтер агенттигине өзү жана башка оппозиция лидерлери Виктор Янукович менен мунаса тапчу сүйлөшүү өткөргөнгө даяр экенин айтты.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу жекшемби күнү президент Януковичке телефон чалып, аны сабырдуулукка үндөгөнүн билдирди. “Азыркы татаал учурда Украина эли менен бирге болуу Евробиримдиктин укугу жана милдети, себеби алар Европага колдон келген эң чоң салымын кошууда”, – деди Баррозу.

Орусиянын "Интерфакс" агенттиги Украинанын ички иштер министрлигине шилтеме кылып, дүйшөмбү күнү шамдан кийин полиция күчтөрү Киевдеги Өкмөт үйүнүн жанында демонстранттар курган баррикадаларды буза баштаганын кабарлады.

Украинанын башкы прокурору болсо протестчилерди Өкмөттүк имараттарды камалоону токтотуп, баррикадаларын жыйнап кетүүгө чакырды жана бул талап аткарылбаса, аларга жаза колдонуларын эскертти.

XS
SM
MD
LG