Дагестанда журналистти атып кетишти

Дагестанда бийлик өкүлдөрүн сындап келген "Новое дело" гезитинин журналисти Ахмеднаби Ахмеднабиевди белгисиз адамдар атып кетишкенин жергиликтүү полиция билдирди.
Дагестан полициясынын маалымат катчысы билдиргендей, аптасына бир жолу чыгуучу "Новое дело" гезитинин редакторунун орун басары Ахмеднаби Ахмеднабиевди шейшемби күнү эртең менен өз үйүнүн сыртында атып кетишти.

Ахмеднабиевге белгисиз куралчандар Дагестандын баш калаасы Махачкаланын чет жакасындагы Семенгер айылында ал машинасына отурганда кол салышкан.

Дагестандын полиция өкүлдөрү Ахмеднабиевдин өлтүрүлүшү анын журналисттик ишмердигине байланыштуу болушу мүмкүн экендигин билдирүүдө. Ахмеднабиевдин акыркы макалалары Дагестанда дээрлик күн сайын болуучу атышуулар менен жардыруулардын себептерине арналган эле.

Ахмеднабиевге акыркы жолу январда кол салуу болгон. Аны ошондой эле көп жолу өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ал жолку кол салуу аракетинен кийин Ахмеднабиев Дагестандын коопсуздук кызматтарын "эки жүздүүлүк жасайт жана мыйзамдуулукту камсыздай албайт" деп күнөөлөгөн:

- Согушкерлер мыйзамды бузганда, алар өз эрежелерин колдонушат. Алар «биз силердин мыйзамды сыйлабайбыз» дешет. Ошондуктан алардан мыйзамды сактагыла деп талап кылуу кыйын. Бирок биздин тартип коргоо кызматкерлери мыйзамды бузганы бул башка нерсе. Өздөрү коргошу керек болгон мыйзамды бузуп алып, анан кантип башкалардан мыйзамды сыйлагыла деп талап кылышат?

Орусиянын Коомдук палатасы шейшембиде журналисттин өлтүрүлүшүн айыптаган билдирүү жасады. Мыйзам долбоорлорун анализдеп, парламенттин ишин көзөмөлдөө үчүн 2005-жылы түзүлгөн бул мамлекеттик мекеме тартип коргоочуларды журналисттердин өмүрүнө коркунуч келген бардык учурларды жакындан көзөмөлгө алууга чакырды.

Билдирүүдө ошондой эле Ахмеднабиевдин өлтүрүлүшү Орусияда журналисттердин корголбогондугун кайрадан көрсөткөнү айтылат.

Дагестан жайгашкан Түндүк Кавказ журналисттер үчүн эң коркунучтуу аймактардын бири. Мында исламдык экстремизмге жана уюшкан кылмыштуу топторго байланышкан зомбулук, кан төгүүлөр үзгүлтүксүз болуп турат.

Декабрда Кабардин-Балкарда таанымал алып баруучу Казбек Геккиевди Налчикте атып кетишкен. Анын эртеси президент Владимир Путин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн журналистти өлтүргөндөрдү сот акыйкаттыгына тартууга чакырган.

Геккиев менен катар Айыл чарба университетинин ректору Борис Жеруковду өлтүргөн деп шектелген адам январда коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясында окко учкан.