Дубнов: Бишкектеги окуялар Москванын акылына сыйбай жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Конституциясы онунчу жолу өзгөртүлгөнү турат. Ага жол ачкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
Мындай аракетти утурумдук бийлик өлкөнү укуктук жолго кайтаруу аракети менен түшүндүрсө, айрым саясатчылар муну мыйзамсыз өкүмзордук катары баалашууда. Кыргызстандагы акыркы окуяларга эл аралык коомчулуктун, анын ичинде Орусиянын пикири кандай? Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт, журналист Аркадий Дубнов менен маекте ушул суроолорго жооп издейбиз.