Э менен Е алмашса жазуу эрежеси жеңилдейби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча долбоор сунушталгандан кийин талаш күчөдү. Э жана Е тамгаларынын колдонулушу, жазылышы боюнча талаш-тартыш болууда. Жазуу эрежелерин өзгөртүү же жөнөкөйлөштүрүү маселеси эмнеге ушул талашка байланып калды. Жазуу эрежелерин кантип жөнөкөйлөштүрсө болот? Кыргызча сабаттуу жаза албай калгандардын көбөйүп жатышы эмнеден кабар берет? Бул суроолорду филология илимдеринин доктору Уулкан Камбаралиева, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу Бурул Сагынбаева, Кыргыз эл жазуучусу, “Алиппенин” түзүүчүсү Сулайман Рысбаев жана “Эл-Сөздүк” онлайн сөздүгүнүн түзүүчүсү Чоробек Сааданбеков менен талкуулайбыз.