Зилзаладан өлгөндөр 300дөн ашты
26-октябрдагы зилзаладан Тахар провинциясында каза тапкан кыздарды жерге берүү учуру. 27-октябрь, 2015-жыл
Сват өрөөнү, Пакистан
Жер титирөөдөн кийин. Пакистан, Кичи Дире аймагы
Пакистандын тез жардам кызматкерлери зилзаладан кийин Пешавардагы ооруканада түшкөн кызга жардам көрсөтүүдө.
Пешавардагы Леди Рединг ооруканасында жер титирөөдө каза болгон аялдын сөөгүн алып баратышат. Пакистан.
Пакистандык доктурлар жаракат алган адамды дарылашууда.
Зилзаладан жаракат алган адамдар Абботтабаддагы оорукананын тышында медициналык жардам алышууда. Пакистан
Минагордо медицияналык жардам күтүп жаткан адам. Сват өрөөнү, Пакистан.
Куткаруучулар жаракат алган адамды Пешавардагы Леди Рединг ооруканасына алып келатышат. Пакистан
Жер титирөө учурунда иштеген кеңселеринен чыга качкан кашмирлик кыздар.
Пакистан
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын тургундары жер титирөөдөн кийин.
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын тургундары. Тажикстанда силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен. Ошондой эле Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бүгүнкү зилзаланын күчү 4-5 баллга жеткени кабарланууда.
Жер силкинүүдөн каза тапкан баланы көмүп жатышат. Ооганстан, Нангархар провинциясы. 27-октябрь, 2015
Пакистан
Зилзаладан ураган үйдө турган адам. Ооганстан, Кабул, 26-октябрь, 2015
Ооганстандагы Жалалабад шаарындагы оорукана зилзаладан кийин.