Медетбеков: Самаков менен идея үчүн бириктик

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” парламенттик шайлоога бараткан партия лидерлери менен маектешүүнү улантат. Бул жолу “Кыргызстан элдер конгресси” партиясынын лидери Шамшыбек Медетбеков маек куруп, эмне үчүн башка партиялардын өзгөчөлөнүп турганын, жерлерди мыйзамсыз менчиктештирди деп айыпталып жаткан “Биримдик” партиясынын лидери Карганбек Самаков менен кандайча бириккени, шайлоого карата партиянын чама-чаркы туурасында айтып берди.