Элетке күйгөн энелер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Ата районунун Станция Ивановка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарды баккан энелерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, атайын концерт уюштурулду. Иш-чараны айылдын аялдар комитети демилгелеген. Бул Станция Ивановка айылынын аялдар комитети өткөргөн алгачкы иш-чара. Алар мындан ары да айылдагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, айыл тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылаарын билдиришти. Аялдар комитетинде 30га жакын аял бар.