Эне тилине күйүп, эки элге көпүрө болгон Мухтар Шаханов

Мухтар Шаханов (солдо), Чыңгыз Айтматов (оңдо) жана профессор Илзе Циртаутас. “Ысык-Көл шеринеси”, Кыргызстан. 18.7.1997.

Казактын айтылуу акыны, маркум Мухтар Шахановдун кыргыз маданиятында өчпөс изи бар. Ал кыргыз акын-жазуучуларынын бирине ини, бирине ага, бирине дос, бирине устат болгон. Чыңгыз Айтматов менен сырдашып, “Аскада калган аңчынын ыйы” эссесин чогуу жазышкан.

Мухтар Шахановдун дүйнөдөн өтүшү аны билгендердин, жакындан сүйлөшкөндөрдүн кабыргасын кайыштырды.

"Желтоксонду козгоп, казак жаштарын коргогон"

Мухтар Шаханов замандаштарынын эсинде атуулдук позициясы күчтүү акын катары калды. Ал 1986-жылкы Желтоксон окуясына саясий баа берүүнү биринчи болуп козгогон.

СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты трибунадан кандуу окуяда атылып, камалып, соттолгон жаштарды “казак улутчулдары” деп каралоого каршы чыккан.

Ошентип 1989-жылы Шаханов башында турган атайын комиссия түзүлгөн. Купуя маалыматтар иликтенип, 8 миңдей адам кармалып, 90дой адам соттолгону ачыкка чыккан.

Дагы караңыз

Мухтар Шахановдун кашкөйлүгү, Желтоксон окуясы

Кыргыз Эл артисти, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков Мухтар Шаханов жашоодо да кошоматты жек көргөн, көкжал акын болгонун эскерди.

“Экөөбүз көп сүйлөшүп калдык, бизге элчи да болгон. 1989-жылы СССР эл депутаттарынын съездинде Желтоксонду айтып, баарынын ачуусуна тийген. Өзүнүн тагдыры эмне болоруна карабай, жалпы казактын ар-намысы үчүн улуттун трагедиясын ачык айткан азамат эле. Акындарды “мүнөзү бар анан мүнөзү жок акындар” деп экиге бөлүп койчу. "Мүнөзү жок акын жок акын" дечү. Кошоматчыларды “туфли жалагычтар” деп жаман көрүп, ырларында сынга алчу. “Жүз акын болсо, үчөө чыныгы акын” деп жатса, 97 акын аны жакшы көрмөк беле? Чындыкты, Желтоксонду ачык айтканы үчүн ошол кездеги казак бийлигине да жакпай калды".

Түгөлбай Казаков казак акыны менен алгач 1980-жылы, Тажикстанда өткөн жаштар фестивалында таанышкан экен.

Түгөлбай Казаков.

"Чымкенттен чыгып, жалпы түрк дүйнөсүн дүңгүрөткөн эки залкардын бири Шамшы Калдаяков болсо, бири Мухтар Шаханов эле. Экөө бир туугандай чоңоюптур. Мухтардын апасы Шамшыны “өз балам” деп койчу экен. Шамшы Калдаяков алгачкы обондорун чыгарган жылдары Мухтар Шаханов менен иштешкен. “Арыс жагасында”, “Ак бантик” деген ырлар булар жаш кезде жазылган да. “Ак бантикти” кийин мен кыргызча котордум. 1980-жылы Казакстан жана Орто Азия республикаларынын жаштарынын фестивалы өткөн. Ошону ырдайын деп пионер лагеринде репетиция кылып отурсам, бирөө аркаман кучактап калды. Карасам, бир бейтааныш турат. “Бул ыр кимдики?” деп сурап калды. “Шамшы Калдаяковдуку" десем, "сөзүчү?" дейт. "Мухтар Шахановдуку” десем, “Айланайын” деп ошондо таанышканбыз. Мен ал кезде Калдаяковдун бир топ ырларын ырдап жүрчүмүн. Шаханов кийин “Адашкан цивилизация” деген эмгегин жазган. Ошондо дүйнөдөгү адамзаттын трагедиясын масштабдуу ачып берген”.

"Элчиликти маданият очогуна айлантып жиберди"

Шаханов СССР кыйрап, республикалар эгемендик алгандан кийин 1993-жылы Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган.

Мухтар Шаханов 2013-жылы "Азаттыкка" курган маегинде элчи болуп турган он жыл ичинде эки элдин маданий байланышын чыңдоого аракет кылганын айткан эле.

"Ошол убакта турганда менин бөлмөмө келбеген кыргыз акын-жазуучулары болгон эмес. Башка да ар кандай иш-чараларды өткөрдүк. Анан менин үстүмдөн арыз түштү, "Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчилигин маданият очогуна айландырып жиберди" деп. Элчилик дегендин өзү жабык уюм, бирок мен анча-мынча маселени тыңдаган жокмун. Мен бул жагдайды эки элдин боордоштугуна, эки элдин маданий байланыштарын арттырууга күч салдым. Билбейм, азыр бийлик башындагы адамдарга маданият, руханий байлык, тил, улут кереги жок...", - деген Шаханов.

Жазуучулар бирлигинин төрагасы Каныбек Иманалиев Мухтар Шаханов кыргызга эң жакын дос, эң жакын акын болгонун айтты:

Каныбек Иманалиев

"Казак элинде кыргыз үчүн күйгөн эки Мухтарды билебиз. Анын бири Мухтар Ауэзов болсо, экинчиси Мухтар Шаханов. Ал кыргыз адабиятынын үч мууну менен алака курду. Улуу муундан Жолон Мамытов, Чыңгыз Айтматов менен, орто муундан Өмүрбек Тиллебаев баштаган акын-котормочулар менен, кийин биздин муун менен достошту. Мен жүргөндө биринчи интервьюмду ушул кишиден алгам. Элчи болуп келгенде адабий кечеси өткөн. Казак-кыргыз акын-жазуучулары үчүн “Алтын көпүрө” деген сыйлык уюштурду. Желтоксондо казак жаштары көтөрүлгөндө кыргыз жаштары дагы колдоо көрсөткөн. Ошого рахмат айтам деп 1991-жылы Кордойдо казак-кыргыз жаштарынын форумун уюштурган. Кийин Түрк элдеринин конгрессин түзүп, мени Кыргызстандагы координатор кылып алды. Жүрөгү кең инсан эле. Шахановду билбеген кыргыз аз болсо керек. Анын өмүрдөн кетиши кыргыз эли үчүн да чоң жоготуу”.

Мухтар Шаханов айрыкча Чыңгыз Айтматов менен жакшы мамиледе болгон. Айтматов дүйнөдөн кайтканда аны Манаска теңеп ыр жазган.

Ооба, экинчи Манассың сен,
Дөңгө чыккан дөбөлөрдүн,
Чындап уучтап жыласың.
Бийиктиктен мыктылардын,
Үлгүсү болуп жатасың.
Энди Ала-Тоодон дагы зор,
Чыңгыз тоо болуп каласың.

Мухтар Шаханов кийин 2021-жылы Бишкекте эл менен жолукканда Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөндөн бери жалгызсырап жүргөнүн айткан эле.

Айтматов менен Шахановдун “Аскада калган аңчынын ыйы” философиялык эссеси ушул күнгө чейин окурмандар издеп окуган эмгектердин бири.

Жазуучу, котормочу Кушубак Өмүралиев бул чыгарма Айтматов тууралуу айың-кептерге чекит койгонун белгиледи.

“Эми “Аскада калган аңчынын ыйы” казак жана кыргыз адабиятынын эң баалуу эмгеги. Анда Чыңгыз Айтматовдун элге белгисиз бейнеси ачылган. Китеп алгач 1994-жылы казак тилинде чыккан. Мен аны которо баштадым. Үзүндүлөрү гезит-журналдарга жарыяланып, 2001-жылы “Аскада калган аңчынын ыйы” деген китеп болуп чыкты. Жети баптан турган китепти чыгарууга акын, бизнесмен Сазыкбай Турдумалиев демөөрчү болгон. Эмгек Айтматов жөнүндөгү эл арасындагы ушак-айыңдарды басып кетти десем болот. Эл арасында Айтматовдун Бүбүсара Бейшеналиева менен сүйүүсү айың катары эле айтылып келген да. Бул китепте ал баян жазуучунун айтуусу менен жазылган. Айтматов бир катар чыгармаларынын жазылыш тарыхын да айтып берген. Мухтар Шаханов кыргыздын дагы уулу десем жаңылышпайм. “Эр Манастын элинде” деген ырынын сөзүн да, обонун да өзү жазган”.

"Кыргыздан артык боор табылбайт"

“Аскада калган аңчынын ыйы” жыйнагына кирген Шахановдун ырларын кыргызчага акын Өмүрбек Тиллебаев которгон. Экөө устат-шакирт катары он жылдай чогуу иштешкен экен.

“Мухтар Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп турганда мен анын шакирти болуп, бир топ ырларын кыргызчага котордум. Мухтар ага ырынын ар бир сабына, ар бир уйкаштыгына күйүп-бышар эле. Кээде менин которгонум жакпай калса, “Өмүрбек бизде акындар көп, “Ана турган буудайды, комбайн келип жыйнайды” деп жаза беришет, ошондой болуп калыптыр го” деп сындачу. “Сиз айткан казактын сөзү да, кыргызча сөзмө сөз которсом болбой калат” дейм. “Кайра жазып көрчү” дейт. Анан чын эле эки-үч күндөн кийин ошол мааниге, уйкаштыкка дал келген сөз табылып калчу. “Аскада калган аңчынын ыйы” жыйнагына кирген ырлардын көбүн мага которткон. Айтматов экөө жазган пьесаны да жарым-жартылай которуп калдым. Мухтар ага дүйнөгө кулачын жайган, казактын аброю, казактын тили, казактын эгемендиги дегенде башын баталгага койгондон кайра тартпаган акын эле. Ыры кандай, сөзү кандай болсо дал ошондой жашады. Сөзү менен ишинде ажырым болгонун байкабадым. Анын канаттуу ырлары казак-кыргыз элинде сабалап учуп жашай берет”.

Дагы караңыз

Аскада калган аңчынын ыйы менен арманы

Мухтар Шахановго бул эмгеги үчүн Кыргыз Эл акыны наамы жана “Данакер” ордени ыйгарылган. Орденди 2024-жылы драматург Кайрат Иманалиев Казакстанга барып тапшырып келген.

Иманалиев радиодо иштеп турганда Мухтар Шаханов менен көп маектешкенин, акын адамгерчилиги бийик, казак тилине күйгөн инсан болгонун да кошумчалай кетти.

Кайрат Иманалиев.

“Мухтар Шаханов кыргыз элине туугандык менен боор тарткан акын эле. Мен билгенден Түгөлбай Сыдыкбеков, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев агайлар менен жакшы мамиледе жүрдү. Сагындык Өмүрбаев тил табиятын терең билген киши эле. Ошол киши менен да көп баарлашканын көрүп калдым. Чыңгыз Айтматов Европадан келген сайын ага жолукчу. Убагында Жолон Мамытов менен дос болуптур. Кийин Казат Акматов менен дос болуп, ал кишинин үйүнө келип жүрдү. Сөз арасында “Балдар орусча сүйлөп калды” деп казак тилине күйүп-бышканын көп эле уктум. Тамашкөй, оозун ачса жүрөгү көрүнгөн эр көкүрөк адам болчу. Жеке эле ыр эмес, обон да жазчу. "Эр Манастын элинде" баштаган бир катар лирикалуу чыгармаларынын бет ачары Кыргызстанда өткөн. “Сократты эскерүү түнү” деген пьесасын Айтматов экөө биргеликте жазган. Анда Чыңгызкандан баштап казак хандыктарынын окуяларын баяндап келип, акырында Желтоксон окуясын берген. Аны Кыргыз Эл артисти, режиссер Алмаз Сарлыкбеков Кыргыз улуттук драма театрында койгон. Адамгерчилиги бийик, достукка бекем инсан эле. Чыңгыз Айтматов каза болгондон кийин кандай эскерүү кечелерин өткөрбөйлү келип жүрдү. Мен бир жолу Эсенгул Ибраев тууралуу тасма тартмакчы болуп, Мухтар аганы сүйлөтүү үчүн Астанага барып калдым. Ошол кезде кан басымы көтөрүлүп, ооруканада жаткан экен, оорусуна карабай кабыл алды. Жанында казактын акын-жазуучулары турган экен, “Ай, казагым, силерге кыргыздан артык боор табылбайт” деп айткан эле. Эсенгул Ибраевдин “Улут болсом, тилим менен улутмун” деген ырына баа берип, аны ар бир кыргыз угушу керектигин айтты эле. 2021-жылы мен Маданият министрлигинде иштеп турганда “Кыргыз элин, калемдештерди сагындым, жолугушуу уюштуруп берсеңер” деп суранып калды. Ошондо Опера жана балет театрында жолугушуу өткөрүп, өзүм алып баргам. Ырларын окуп, тааныштары менен жолугуп чер жазып кеткен эле. Акыркы жолу 2024-жылы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен “Данакер” орденин тапшыруу үчүн Астанага барып, Кубанышбаев атындагы академиялык драма театрдан жолукканбыз. Ошондо кичинде ооруп турганын байкаган элем”.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-апрелде Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Дагы караңыз

Шаханов: Казак-кыргыз мамилесин эч ким буза албайт

Мухтар Шаханов 1942-жылы 2-июлда Казакстандын Түркстан облусунда жарыкка келген. Эмгек жолун тракторчу болуудан баштап, кийин Чымкенттеги Педагогикалык институттун филология факультетин аяктаган. Анын поэзия, проза жана драматургия жаатындагы эмгектери дүйнөнүн 40тан ашуун тилине которулган.