- Саламатсызбы. Мухтар Шахановду Кыргызстанда элчи болуп жүргөнү жана Чыңгыз Айтматов менен жакын санаалаш болгон үчүнбү, айтор кыргызга жакын акын деп билебиз. Көзү өткөндөн кийин социалдык тармактарда дагы аны жоктогон кыргызстандыктар көп болуп жатат. Өзү дагы Бишкекке үч-төрт жыл мурун келгенде “Айтматовдун көзү өткөндөн кийин жалгызсырап жүргөнүн” айткан экен. Айтматовдон кийин Шаханов менен чыгармачыл байланышты кармап жүргөндөр болдубу? Сиз өзүңүз акыркы жолу качан көрүштүңүз эле?
- Мухтар Шахановдун дүйнөдөн өткөндүгү бир гана казак элинин эле эмес, кыргыз элинин дагы чоң жоготуусу. Себеби эки элге бирдей болгон акын эле. Ошондуктан анын дүйнө салышы кыргыз окурмандарын дагы, кыргыз журтчулугун дагы чоң кайгыга салды. Чынында Айтматов менен өтө жакын киши болгон. “Айтматовдун көзү өткөндөн кийин эч ким менен сүйлөшө албай калдым. Андай адамым болгон жок. Анткени көңүлүм чыкпайт, көкүрөгүм толбойт” деп эскерип жатпайбы.
Мен акыркы жолу Мухтар ага менен 2024-жылы Түркиянын Анкара шаарына келгенде жолуктум. ТҮРКСОЙдо анын мааракесин өткөрдүк. Маданий баалуулугу бар чоң залда, Борбор Азиядан келген коноктор менен жолугушуу өткөн. Бул киши кыргызга жакын, кыргызга күйгөн киши эле. Поэзиясы дагы күчтүү эле, өзүнүн жарандык позициясы дагы жазганында эле күчтүү болду. Эл үчүн күйүп-бышкан, өзгөчө бир феномен киши болчу да. Ырларында ушунчалык улутун, мекенин чын жүрөгүнөн сүйгөн, эч кандай фальшы жок адам эле. Эч кандай рамкага сыйбаган, эч бир эрежеге баш ийбеген, бүт стандарттарды бузган адам эле. Мына ошол себептүү убагында Мухтар ага куугунтукталып да жүрдү. Мамлекет жетекчилери менен пикир келишпестиктери болгон. Бирок эч качан өзүнүн позициясын берген эмес да. Акындык дагы, жарандык дагы позициясын берген эмес. Ал эми Чыңгыз Айтматов менен жаш курагына карабай достук мамилеси өзгөчө болду. Экөөнүн мамилеси кыргыз-казак боордоштугунун символу болчу.
- Мухтар Шахановдун жарандык позициясын эскерип жатпайсызбы. Ал киши тууралуу сөз болгондо эле 1986-жылдагы Алматыдагы Желтоксон окуясын эстейбиз. 1989-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинде тайманбай өз улутунун кызыкчылыгын айтып, көйкашкалыгы менен элдин эс тутумунда калган окуя тууралуу айтып бересеңиз?
- Ал кезде Мухтар Шаханов СССРдин Жогорку Кеңешинде депутат болуп турган. Ошол жерде, казак тили, эркиндик, элдин көйгөйлөрү тууралуу ачык эле сүйлөп, Михаил Горбачёвго тикеден-тике туруп эле акыйкат кебин тайманбай айткан саналуу жазуучулардын бири эле. Казакстандагы улуттук аң сезимдин ойгонушу, улуттук кыймылдар биринчи кезде ушул Мухтар Шахановдун позициясына байланыштуу болгон десек болот. Ошол эле маалда Семейдеги өзөктүк сыноолор боюнча Олжас Сулейманов маселе көтөрүп, полигонду жаптырууга аракет кылган.
Ушул улут көйгөйүн көтөргөн эки инсан – Сулейманов жана Шаханов казак элинин моралдык духун көтөрдү. Сиз эскерип жатпайсызбы, 1986-жылдын 17-декабрында Алматынын борбордук аянтында болгон окуяны. Ошол жерге чыккандардын көпчүлүгү Мухтар Шахановдун ырларынын духу менен, идеясы менен сугарылган жаштар эле.
Ал ушунчалык мекенин, улутун сүйгөн, ага берилген адам болчу. Ошондуктан тоталитардык системага тикесинен тик туруп, каршы чыкты. Идеялык жактан кийинки муунга жол башчы болгон деп айтсак жаңылбайбыз. Мухтар Шаханов ошонусу менен жаштарга дем берген. Кийин көтөрүлгөн жаштарды күч менен басып, зомбулук болгондо, бийлик жашырып калгысы келген окуяны ачыкка чыгаруу үчүн күрөштү. Мен айтар элем: Мухтар Шахановдун өмүрү күрөш менен өттү. Чыныгы күрөш менен өтүп кетти. Бул аксакал эч нерседен жалтанбай, кандан, бектен кайра тартпай, улуттун кызыкчылыктарды жогору коюп жашады.
- Мухтар Шахановдун жеке жашоосу кандай болду?
- Эми жеке жашоосунда албетте өйдөй-ылдый көп болду. Бирок акыркы жылдары эки уулунан ажырап калганы акындын өмүрүндөгү чоң трагедия болуп калды. Ошол эки уулунан кийин чынын айтканда, өзүн ушунчалык таштап койду да...
- Акындын жалпы түрк дүйнөсү, поэзия ааламындагы орду кандай эле? Эмне мурас калтырып кетти?
- Мухтар Шахановдун поэзияда өзгөчө орду бар, түрк тилдерининин баарына анын чыгармалары которулган. Казактын улуу акындары Магжан Жумабаев, Мукагали Макатаевдер менен бир катарда туруп, ошолордун көчүн улады. Бул акындардын баарынын тагдыры оор болгон.
- Мухтар Шаханов 1993-2003-жылдары Кыргызстанда элчи катары эмгектенген. Дипломат болуп жүргөндө эмнеси менен эсте калды?
-Казакстандан канча элчилер келип иштеди Кыргызстанда. Бирок бул киши өзгөчөлөнүп, элдин эс тутумунда калып калды. Өзгөчөлөнгөн себеби адабияттын, руханияттын адамы болгону го. Бир гана элчиликтин милдетин эмес, элдеги руханий, маданий байланыштарды арттырганы. Элчи болуп турганында чоң-чоң иш-чараларды өткөрчү. Эки күндүн биринде кыргыз жаштарын чакырып, поэзияны сүйгөндөрдүн чоң кечелеринде жүрчү. Адабиятты, чыгармачыл чөйрөнү жандандырган элчи катары эсте калды. Кыргыз маданий турмушуна динамика киргизип, эл алдында көп жүргөн элчи болду.
- Султан агай, ат жалындагы маегиңизге чоң рахмат. Өзүңүз сапарга чыгып, мекенди көздөй келе жаткан экенсиз, ак жол сизге!
Шерине