Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-июнь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Айтматов таануу: Уяңдыктын кесепети


Чыңгыз Айтматов (1928--2008).

Заманабыздын залкар ойчулу жана жазуучусу Чыңгыз Айтматов (1928--2008) тууралуу кыска блог.

Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов... Анын өмүр жолун жана чыгармачыл мурасын аздектебеген ала-тоолук айдыңдар жокко эседир?

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун адабий жана публицистикалык мурасын изилдеген абдан көп диссертациялар корголду, монографиялар, макалалар, эсселер жазылды, 2017-жылы Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту даярдаган үч томдук атайын энциклопедиялык жыйнак да чыкты, көркөм жана даректүү тасмалар жаралды. Коомдук академия катары Эл аралык Айтматов академиясы үзүрлүү иш алып барууда.

Айтматов таануу жаатында кээ бир жаңы өңүттөр иликтенүүдө (маселен, Эсенбай Нурушевдин “Айтматология: «Жамийла» жана улуттук эрос” деп аталган китеби, америкалык калемгер Жефф Лили (Jeff Lilley) мырза жазган Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын “кансыз согуш” маалындагы тагдырларын салыштырган китеп, академиктер Абдылдажан Акматалиев, Абдыганы Эркебаев, профессор Лайли Үкүбаеванын ж.б. эмгектерин караңыздар).

Айтматовдордун ата-бабасы, анын ичинде Төрөкул Айтматов тууралуу жазуучунун кенже карындашы, профессор Роза Төрөкул кызы Айтматованын, тарыхчы Моймол Жусупованын жана башкалардын эмгектери жарык көрүп келет.

Өлкөдө 2019-жылы манас таануу жана айтматов таануу тармактарын изилдөөгө багытталган атайын академия да негизделди. Бишкекте Айтматовдун үй-музейи иштеп жатат...

Арийне, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы кайталангыс жолу, анын өз мекениндеги микрокосмос менен чектелбестен, дүйнөлүк көйгөйлөрдүн макрокосмосуна терең үңүлө алгандыгы тууралуу анын өз Атажуртундагы адабият таануучу жана башка адистерге караганда, чет өлкөлөрдөгү айрым адистер ынанымдуураак чагылдырууда деген пикир да жок эмес. Орусиялык илимпоз, филология илимдеринин доктору, теги болгар Георгий Гачевдин (1929-2008) эмгектери да бул пикирди далилдегенсийт.

Балким, бул –– Кыргызстандагы көптөгөн адистердин өз жергиликтүү тажрыйбасына негизделгендиги, орус тилинен бөлөк чет тилдерди анчейин биле бербегендиги, ал эми Гачев сыяктуу сырткаркы адистердин Ала-Тоодон алысыраак мейкиндиктен салыштырма бийигирээктен туруп көз чаптыра алгандыгы менен байланыштуудур?

Айрым кыргыз адистеринин чектелүүлөрүнө башка бир жагдай да таасир тийгизген болушу ажеп эмес. Бул - далай адистерибиздин совет доорундагы идеологиялык эана методологиялык алкактын көрүнбөй жипсиз байлаган салтынан постсоветтик доордо деле алыстай албагандыгы менен байланыштуу жагдай.

Бул адистердеги дал ушул чектелүүчүлүк алардын мурдагы тоталитардык доордун көп өңүттөрү боюнча Чыңгыз Айтматовдун өзүнөн пикирин ачык суроо далаалатына саясий жана идеологиялык табу (тыюу) салган сыяктуу.

Дагы бир жагдай –– кыргыздын улууну урматтоо салты, карыянын көңүлүнө тийе тургандай көйгөй жөнүндө эч убакта андан сурабоого аракеттенүү, кадырмандан ыйбаа кылуу салты менен байланыштуу. Балким, кайсы бир ыңгайсыз суроолорду “кийинчерээк берээрмин” деп өзүн-өзү алдоо да кыйла рол ойноду көрүнөт.

Айтор, Чыңгыз Айтматовдун өз тагдырына байланыштуу айрым жагдайлар жөнүндө жеке баасын биз анын чет элдик маектештери менен баарлашуусунан улам гана билип калдык.

Маселен, украин журналисти, философия илимдеринин кандидаты Валентин Иванович Пустовойт (1953––2016) менен маегинде Чыңгыз Айтматов өзүнүн сталиндик жазалоолордун тебелендисинде калган үй-бүлөдөн экенин эскерет. Мектепте, -- жазуучунун ырасташынча, -- аны “эл душманынын” баласы катары билишчү:

“Бир жолу кайсы-бир комсомолдук жетекчи келди да, менин бул класста калууга акым жок экенин, чыгып кетүүм керектигин айтты. Мен мектептин ээнсиреген короосуна жалгыз чыктым... Сабак өтүлүп жатты... Дубалга жөлөнүп, эмне кыларымды билбей тура бердим... Анан коңгуроо кагылды. “Эми каякка башымды катуум керек?” деген ой кетти. Анан короого бир кыз биринчилерден болуп чуркап чыкты. Ал биздин класста окучу. Баш чайкап, эки жакты элеңдеп карап жатты. Анан мени көрө калды да, чуркап келип: “Жүрү, класска кетели, сага эми кирүүгө болот”, –– деп айтты”.

Чыңгыз Айтматов, профессор Илзе Циртаутас жана Мухтар Шаханов. 18.7.1997.
Чыңгыз Айтматов, профессор Илзе Циртаутас жана Мухтар Шаханов. 18.7.1997.

Чыңгыз Айтматовдун сталинизм доорундагы капсалаңдуу окуяларга туш келген бала чагы, өз сүйүүсү, ж.б. жөнүндө анын ыймандай сырлары камтылган дагы далай маалыматты казак акыны, үзөңгүлөшү Мухтар Шаханов менен дилден чыккан баарлашуусунан да таба алабыз (Айтматов Ч.Т., Шаханов М. Аскада калган аңчынын ыйы (Кылым кыйырындагы сыр ачуу). –– Бишкек, 2001.).

Албетте, айтматов таануу жаатында баары-жоктун баарын тең эле сырткаркы авторлор таап турган дегенден да алыс болушубуз ылаазым.

Чыңгыз Айтматовдун эл оозунда жашыруун гана айтылып келген сүйүүсү тууралуу алгач кыргыз журналисти Жаныбек Жанызак жарыялагандыгын өзгөчө белгилешибиз керек. Аны айрым айтматов таануучу адабиятчылар сотко беребиз деп чыгышканда, Чыңгыз Айтматов өзү аларды тыйып койгон...

1990-жылдардагы бул окуя табу болуп келген темалардын бирин калайыкка ачыктоонун башаты болуп калган. Эми залкар жазуучунун сүйүүсү тууралуу жалкоолор гана жазбай жүрөт...

1999-жылы 28-мартта ал кездеги Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсерлери болгон Арслан Капай уулу Койчиев экөөбүз Улуу Британиянын Кэмбриж университетине келдик.

Арслан Капай уулу Койчиев, Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов жана Тынчтыкбек Чоротегин. Кэмбриж шаары, Улуу Британия. 28.3.1999.
Арслан Капай уулу Койчиев, Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов жана Тынчтыкбек Чоротегин. Кэмбриж шаары, Улуу Британия. 28.3.1999.

Мында славян таануу боюнча эл аралык илимий жыйындын атайын бир отуруму жалаң Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын (асыресе, анын орус тилдүү адабяитка зор салымын) талдоого арналды.

Ал кездеги Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Роза Отунбаева эжеке ошол илимий отурумдун алдында бизге чыгаан жазуучубуз менен маек курууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Бул –– асмандагы Айга капысынан жакындагандай эле ажайып окуя болду. Редакциялык суроолорду жаадырып бүткөн соң, Чыңгыз Айтматов менен дээрлик эки сааттай баарлашып отурдук. Кинорежиссёр Замир Эралиев агабыз бизди сүрөткө да тартып алды!

Роза эже кийин Чыңгыз агайдын: “Бул жигиттер менен баарлашым жагымдуу болду”, – деген баасын айтканда, төбөбүз көккө жеткендей эле болду окшойт.

Албетте, башка суроолордун арасында көөнө кыргыз тарыхы, элибиздин кылымдар карыткан жазма маданияты тууралуу да өзүмдү канааттандырган жоопту алган элем. Бул маселелердин кыйласын кийинчерээк Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун баарлашуу китебинен учураттым. Анда, ал түгүл, байыркы кыргыздар хун доорунда Чыгыш Теңир-Тоону байырлагандыгы жөнүндөгү соңку илимий адабияттан Чыңгыз Айтматов да мыкты кабардар болгондугу айгинеленет.

Балким, Батыш Европанын өтө маанилүү бурчунда, Белгиянын ордо шаарында элчилик кызматты аркалоо менен Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын геосаясий турумун Бишкекте жүргөндөгүдөн алда канча таасын көрө алгандыр?

Айтор, “Азаттыктын” кабарчысы, акын Шайлообек Дүйшеев менен маегинде Чыңгыз Айтматов бабалардан таберик болгон эгемендикти көз карегиндей сактоо зарылдыгын баса белгилеген. Ал Кыргызстан бир гана шерик мамлекеттин этегине эрмешпестен, көп нуктуу дипломатияны жүргүзүү аркылуу эгемендикти чыңдоонун кошумча аргаларын издөөсү керектигин, менимче, кыйыр айткан.

Айтмакчы, Чыңгыз Айтматов Маскөөдө иштеп жүрүп, бир эле учурда Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин жетекчиси болуп турган кезде, 1989-жылы 3-июнда бул уюмдун баш кеңсесиндеги жыйын залында (азыркы тапта мында Кыргызстан Жогорку Соту жайгашкан) Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (Ассоциация молодых историков Кыргызстана) деген чыгармачыл уюмубуздун уюштуруу жыйынын кыргыз тилинде өткөргөнбүз. Коомдук жайлардын ичинен ушул жыйын залында гана синхрондук котормо жабдуусу бар эле. Жыйындын жүрүшү кыргызчадан орус тилине дароо которулуп жатты (бул окуя кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алаардан 110дой күн мурдараак болгонун айта кетүү эп).

Жыйындын ачылыш аземине патриарх жазуучулардын бири, кадырман аксакалыбыз Түгөлбай Сыдыкбеков, кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай да келип, бата беришкен.

Кыргызстан Жазуучулар биримдиги экинчи кабаттагы бул чоң жыйын залды жаш кыргыз тарыхчыларына акысыз эле сунуштады (бул дагы Чыңгыз Айтматовдун бизге кыйыр колдоосу болду деп санайм. Акын Асан Жакшылыков агай бул жаатта анын биримдиктин төрагасы катары макулдугу алынгандыгын мага айткан эле).

Эми залкар жазуучубуз менен мындан 21 жыл илгерки Улуу Британиядагы жолугушуума кайра учкай кайрылсам...

Ошондо... украин калемгери Валентин Пустовойт узаткан сыяктуу суроолор көөдөнүмдө турганы менен, алардын айрымдарын берүүгө эч даай алган жокмун... Атамдай болгон кишиге жеке керт башына тиешелүү делген татаал суроолорду узатуудан эмнегедир тартындым...

Баса, заманбап түркмөн жазуучусу, айтылуу диссидент, коомдук ишмер Худайберды Халлы агабыз Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөн соң айрым түркмөн калемдештери “мени менен Айтматов акылдашып турчу эле” дегенге чейин жалган маалымат камтылган эскерүүлөрдү жазып чыгышканын мыскылдап жазганы бар.

Ошол 1999-жылы Кэмбрижде жана Лондондо орун алган кыска мөөнөттүк жолугушуулардан кийин бир-эки ирет Бишкектеги коомдук жайларда учурашып калганым болбосо, чынын айтуум керек, кеңири маек куруу үчүн кайрадан Чыңгыз Айтматов агайым менен жолугуу шыбагасы мага эч тийген жок...

Биз өзүбүз сүйгөн инсанды тим эле түбөлүк жашай тургандай элестетебиз, аны жамандыкка, кайтпас сапарга эч ыраа көрбөйбүз...

Атаганат, уяңдыкты, айбыгууну четке коюп, тартынбастан Чыңгыз агайыбыз менен дидарлашып, баарлашууга нечен ирет умтулсам болмок экен!.. Аттиң, чечкиндүүлүк кылганымда, залкар жазуучубузга жана ойчулубузга тынбай жолугуп, чиеленишкен доорлор, тогошкон кылымдар, ал замандаш болгон, бирок биз көрө албай калган тарыхый инсандар жөнүндө арбын суроо узатып, дилим менен бөлүшөт белем!..

Аттиң, кеменгер инсаныбыз дагы көп жыл жашай турганында эмне!..

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG