Европа мигранттарды Борбор Азияга жөнөтөбү?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Евробиримдик ондогон жылдардан берки эң катаал миграция мыйзамын кабыл алганы турат. Жаңы эрежелер башпаанек суранычы четке кагылган адамдарды үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүүгө жол ачат. Айрым маалымат каражаттары мындай өлкөлөрдүн арасында Казакстан менен Өзбекстан дагы бар экенин жазышты. Расмий Астана менен Ташкент бул маалыматты четке какты. Эмне үчүн Борбор Азия бул талкуунун борборуна айланып калды?