Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

"Күйөөм үйлөндү, жөнөткөн акчама машина алды". Кордолгон түркмөнстандык мигрант аялдар

Байкоочулардын айтымында, Түркмөнстандан көптөгөн аялдар өлкөдөгү оор экономикалык абалдан, жумушсуздуктан жана айлыктын аздыгынан улам башка мамлекеттерге иштеп, акча табуу үчүн кетүүгө аргасыз болушат. Иллюстрация сүрөт.
Байкоочулардын айтымында, Түркмөнстандан көптөгөн аялдар өлкөдөгү оор экономикалык абалдан, жумушсуздуктан жана айлыктын аздыгынан улам башка мамлекеттерге иштеп, акча табуу үчүн кетүүгө аргасыз болушат. Иллюстрация сүрөт.

Түркияда Түркмөнстандан барган миңдеген аял бала багып, бейтап карап, үй кызматчысы болуп иштейт. Көбүнүн документи жок, үй-бүлөсүн жылдап көрбөй жашап келет. Ал эми үйүндө айрымдарынын күйөөлөрү башка аял алып, өзүлөрүн үй-жайсыз жана каражатсыз калтырып койгон окуялар аз эмес.

«Күйөөмдүн мен билген баягы мээрими таптакыр өчүптүр»

Насиба 48 жашта. Өмүрүнүн соңку дээрлик үчтөн бир бөлүгүн ал чет өлкөдө, Түркияда бала багуучу жана үй кызматчысы болуп иштеп өткөрдү. Түркмөнстандын жарандары, анын ичинде аялдар үчүн, Түркия эмгек миграциясынын негизги багыты бойдон калууда. Буга эки элдин тилинин окшоштугу, өз ара жакындыгы жана мурда, виза режими киргизилгенге чейин, Түркияга кирүүнүн салыштырмалуу жеңил болгону себеп.

Лебап велаятындагы Фарап шаарынын тургуну Насиба 2009-жылы мектептеги тазалоочу жумушун таштап, чет өлкөгө иштегени кеткен. Тапкан акчасын үйүнө — күйөөсүнө жана эки кызына жөнөтүп турган.

«Он жылдын ичинде күйөөм үйүбүздү толук оңдоп-түзөтүп, өзүнө жаңы машина сатып алды», — дейт Насиба.

2019-жылы ал ден соолугуна байланыштуу мекенине кайтып барган. Паспортунун мөөнөтү да аяктап бараткан. Бир аз дарыланып, жаңы документи колуна тиер замат күйөөсү аны кайрадан Түркияга кетүүгө көндүргөн.

«Ал: “Дагы үч-төрт жыл иштесең кыздарыбыздын окуусуна жана сага машина алып берүүгө жетиштүү акча топтойм”, — деди», — дейт маектешибиз.

Түркияга кайтып барган учуру коронавирус пандемиясына туш келип калып, локдаун учурунда Насиба алты ай бою жумушсуз отурган:

«Дал ошол кезде күйөөм экөөбүздүн ортобузда биринчи жолу катуу чыр чыкты. Жумуш тапканга чейин мага акча салып турушун сурансам, ал: “Түркияда жумуш көп, эгер таптакыр эч нерсе болбой калса денеңди сат”, — деди. Ошол учурда дүйнөм урап жаткандай сезилди. Кийин ал мени менен сүйлөшпөөнүн болгон айла-амалын пайдалана баштады».

Байкоочулардын айтымында, Түркмөнстандагы экономикалык каатчылык, баалардын өсүшү жана жумушсуздук аялдарды иш издеп чет жактарга кетүүгө мажбур кылууда.
Байкоочулардын айтымында, Түркмөнстандагы экономикалык каатчылык, баалардын өсүшү жана жумушсуздук аялдарды иш издеп чет жактарга кетүүгө мажбур кылууда.

2023-жылы Насиба мекенине кайтып барган, анткени гипертониядан улам чет өлкөдө иштей албай калган. Бирок үйүндө аны убайымга салган мамиле күтүп турган.

«Күйөөмдүн баягы мен билген мээрими жана камкордугу таптакыр өчүптүр. Ал мени босогодон тосуп алып: “Кайдан келсең, ошол жакка кайра кет! Сен сыяктуу оорулуу аял мага кереги жок”, — деди. Анан: “Менин сегиз жылдан бери сүйгөн аялым бар, эми аны ушул үйгө алып келем. Эртең кайра келесиң да, бардык буюмдарыңды жана кичүү кызыңды алып кетесиң — анан менин үйүмдөн чыгып кет”, — деди. Ушул сөздөрдөн кийин ал мени үйдөн кууп чыкты», — деп эскерүүдө Насиба.

Чыккынчылыкка кабылган абалда калган аял үчүн бул оор сокку болгон.

«Улуу кызым Бухарадагы институтта эки жылдан бери окуп жаткан, ал эми кичүү кызыма мектепти бүтүрүүгө бир эле жыл калган. Дал ушул оор учурда күйөөм башка аял үчүн мени таштап, Түркиядагы 14 жылдан берки оор эмгегимди, ден соолугумдун начарлашын жана өмүрүмдүн эң жакшы жылдарын жокко чыгарып салгандай эле болду», — дейт Насиба.

Соңку үч жылдан бери Насиба же үстүндө үйү, же туруктуу иштеген жумушу жок, эптеп күн көрүп келет. Күйөөсү экинчи аял алганына байланыштуу бийлик органдарына арыз менен кайрылып көрдү, бирок юридикалык жардам ала алган жок.

Түркмөнстанда көп аял алууга мыйзам тыюу салат. Бирок иш жүзүндө расмий эмес никеде жашагандар бар экени бийликке да, коомчулукка да жашыруун эмес. Мындай нике мамлекеттик органдарда катталбайт: адатта дин кызматкерине барып никелешип коюшат.

«Сотко жана милицияга кайрылганымда мага: “Үй күйөөңүздүн атына катталган экен. Бул турак жайга кошкон салымыңызды расмий түрдө тастыктаган документтериңиз барбы? Жок! Ал кичүү кызыңызга 18 жашка чыкканга чейин төрт ай бою алимент төлөгөн. Калганынын баары анын өз иши”, — деп айтышты. Кичүү кызым экөөбүз көчөдө калганда мага эч кандай жардам көрсөтүшкөн жок», — дейт аял.

Азыр Насибага улуу кызы жардам берип жатат. Ал Бухарада окуусунун акысын төлөп, жогорку билим алуу үчүн оор шартта эки жумушта иштеген. Эми апасына жана сиңдисине колунан келишинче, аз болсо да, жардам берип келет.

Түркмөнстан бийлиги аял мигранттарга мүлккө болгон укуктарын коргоодо жардам бере албай турганын жергиликтүү эксперт билдирди. Куугунтукка кабылуу коркунучунан улам ал аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону суранды:

«Акчаны банк аркылуу которуу мүмкүн эмес. Мүмкүн болгон күндө да валютанын расмий курсу чыныгы курстан алты эсе төмөн болуп калат. Натыйжада аял мигранттар акчаны расмий эмес жол менен берүүгө аргасыз болуп, аны тастыктаган эч кандай документсиз калышат. Ошондуктан алар өз үйүн курууга финансылык салым кошконун далилдей алышпайт».

«Бир да аялдын мындай тагдырга туш болбой турганына кепилдик жок»

Дашогуздук 42 жаштагы Мухабат Түркияда 14 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Ал «Азаттык Азияга» айтып бергендей, күйөөсү экөө чогуу акча табуу үчүн чет өлкөгө барып иштөөнү пландашкан, бирок акырында ал жалгыз кетүүгө аргасыз болгон.

«Биз жолдошумдун ата-энеси менен чогуу жашачубуз. Ал учурда үйлөнтө турган дагы бир нече кайним бар болчу. Ошондуктан ата-энесинен бөлүнүп чыгышыбыз керек эле. Түркмөнстандагы айлыкка үй-жай алууга жетерлик акча топтой албайсың. Ошол себептен уулубузду кайнене-кайнатама калтырып, акча табуу үчүн чет өлкөгө кетүүнү чечкенбиз. Бирок жолдошума өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, мен кичинекей уулубузду ага калтырып, жалгыз кетүүгө аргасыз болдум», — дейт Мухабат.

Маектешибиздин айтымында, Түркияга барганда ал текстиль фабрикасында эмгектенип, улгайган аялды карап иштеген. Акыркы бир нече жылдан бери Стамбулда бай үй-бүлөлөрдүн биринде үй кызматчысы болуп иштейт. Улам бир жумушка орношууга мажбур болгон себебин Мухабат иш берүүчүлөрдүн айынан чыккан олуттуу көйгөйлөр, эмгек шарттарынын начардыгы жана Түркияда иштөөгө мыйзамдуу уруксаты болбогону менен түшүндүрүүдө:

«Түркияда иштөөгө уруксат алуу абдан кыйын, ошондуктан мыйзамсыз иштөөгө туура келет. Чет өлкөлөрдөн келген бала багуучулар жана үй кызматчылары күнүнө көп саат бою, дем алышсыз иштешет. Айлык маяна кечигип же толук төлөнбөй калганына байланыштуу жумуштан кетким келгенин айтсам иш берүүчүлөр мени полиция чакырып, депортация кылабыз деп коркуткан учурлар болгон. Кудайга шүгүр, акыркы бир нече жылдан бери жакшы үй-бүлөдө үй кызматчысы болуп иштеп жатам».

Түркияда мыйзамсыз жашап жана иштеп жүргөн түркмөнстандык мигранттардын так саны белгисиз. Алар ондогон, атүгүл жүз миңдеген адам болушу мүмкүн. Кармалып, мекенине депортациялануу коркунучу дайым тооруп турат. Түркиянын Миграция башкармалыгынын статистикалык маалыматына караганда, 2025-жылы өлкөдө Түркмөнстандын дээрлик 11 миң жараны мыйзамсыз мигрант катары кармалган. 2026-жылдын биринчи жарымында беш миңден ашкан. Кармалгандардын саны боюнча түркмөн жарандары төртүнчү орунда турган.

Мухабат тапкан акчасынын көбүн Түркмөнстанга жөнөтүп турат. Ушул жылдар аралыгында, айтымында, күйөөсү батир сатып алууга жетишкен.

«Жолдошум биз пландаган көп нерсени сатып ала алды. Ушул жылдар бою оор шартта иштеп, кордукка чыдоо мага оңой болгон жок. Бирок азыр өзүбүздүн үйүбүз бар. Мен үчүн эң оору жумуш да, иш берүүчүлөрдүн кордугу да эмес, үй-бүлөмдөн, жалгыз баламдан алыс болгондугум. Ушул аралыкта жолдошумду да, уулумду да көргөн жокмун. Бийлик алардын мага келип кетишине уруксат берген жок. Телефон аркылуу гана сүйлөшөм, видеочалуу аркылуу көрүшөбүз. Ушунча жыл бою өз балаңды көрбөй жүрүү абдан оор. Уулум азыр өспүрүм болуп калды, ал дайыма: “Апа, үйгө качан кайтасың?” — деп сурайт. Мен: “Дагы бир аз чыда”, — деп жооп берем», — дейт Мухабат.

Ал Түркияда жүргөн мекендеш аялдардын окуяларын угуп, өзү да бир күнү үйүнө кайтып барганда күйөөсү башка аял алып алганын билип калуудан коркуп жашап келатканын жашырбайт.

«Телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүздө жолдошум мени дайыма сооротуп, үйгө кайтып келишимди күтүп жатканын айтат. Бирок Түркияда биздин мекендеш аялдардын ушунчалык көп окуясын көрдүм: алар бул өлкөдө кулдай болуп оор шартта иштеп, тапкан акчасын үйүнө жөнөтүп жүрүп, кийин күйөөлөрү башка үй-бүлө куруп алганын билишкен. Бир да аялдын мындай тагдырга туш болбой турганына кепилдик жок», — дейт дашогуздук келин.

«Жылдар бою укуксуз шартта жашашат, тапкан-ташыганын Түркмөнстанга жөнөтүшөт»

Түркмөнстандык жарандык активист жана блогер Дурсолтан Таганова азыр Канадада жашайт. Ага чейин ал Түркияда 14 жыл жашап, түркмөнстандыктардын укуктарын коргоо менен алектенген. Ал мекендеш аялдардын көптөгөн чыныгы окуяларын билет. Айтымында, алар оор жумуш шартынан, укуксуз абалдан, үй-бүлөсүн багуу милдетинен тышкары өз жакындарынын чыккынчылык мамилесине да дуушар болушат.

Дурсолтан Таганова
Дурсолтан Таганова

«Менин катталуучуларымдын көбү аялдар. Ошондуктан алардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Азыр да Түркиядагы көптөгөн түркмөнстандык аялдарга жардам берип келем. Мен 18, 20 жылдан бери үйүнө бара элек аялдарды билем. Алар дагы деле иштеп, тапкан акчасын үйүнө жөнөтүп жатышат. Алар Түркияда жүрүп карышты, түшүнөсүзбү?! Жаш кезинде, 15, 18, 20 жашында келишкен — ошондон бери бөтөн жерде жүрүшөт. Ошондон бери айрымдарынын балдары үйлөнүп, аскерге барып, кыздары турмушка чыгып, балалуу болушту. Ал эми бул аялдар дагы деле үй-бүлөсүн — күйөөлөрүн, балдарын, неберелерин багып келишет».

Таганова бир нече жыл мурун мээсинде шишик бар экени аныкталган түркмөнстандык аялдын тагдырын мисал келтирди. Түркияда мыйзамдуу макамы болбогондуктан ал өз убагында дарылана алган эмес. Дарыгерлер шишикти операция жолу менен алып салуу мүмкүн эмес экенин айтып, кийин метастаз пайда болгон.

«Ал жаны кыйналып эле жашап жүрөт. Эң коркунучтуусу — каза болуп калышы мүмкүн, бирок ошого карабай үй кызматчысы болуп иштеп, Түркмөнстандагы балдарына акча жөнөтүүнү улантып жатат», — деп айтып берди активист.

Түркиядагы түркмөнстандык мигрант аялдардын оор абалы алардын жалпы психологиялык саламаттыгына залака тийгизип жатканын белгилеген маектешибиз көпчүлүгүндө өнөкөт стресс, тынчсыздануу жана депрессия бар экенин кошумчалады:

«Көпчүлүгү Альцгеймер оорусу, онкологиялык илдет же шизофрения менен жабыркаган бейтаптарды карап, багып иштешет. Айрым учурларда андай адамдар кадимкидей кол салат, анткени өзүн башкара албай, эмне кылып жатканын түшүнүшпөйт».

Мыйзамсыз иштеген мигранттардын эмгек укуктарынын сакталышы тууралуу, Таганова белгилегендей, сөз да болушу мүмкүн эмес. Алар дем алышсыз жана өргүүсүз иштешет, ооруп калган учурда жумушка чыкпай коюуга да укугу жок:

«Түркияда дээрлик күн сайын мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өтүп, полиция кызматкерлери бардык жерде жүрүшөт. Түркмөнстандык аялдардын көбү Түркияда мыйзамсыз жашагандыктан сыртка чыгуудан да коркушат. Элестетип көрүңүз: алар күн сайын, 24 саат бою төрт дубалдын ичинде, оорулуу адамдардын жанында болушат. Ал эми бала караганы деп жалдаган аялдарды үй жыйноого, тамак жасоого мажбурлашат. Ошентип, жылдап укуксуз шартта жашап, тапкан акчасынын баарын Түркмөнстанга жөнөтүшөт. Алардын психологиялык абалын элестетип көрүңүз. Көпчүлүгү нерви чыңалып, сүйлөшсөң эле дароо ыйлап башташат».

«Эл аралык коомчулук билип калбасын деп жашырышат»

Мындан чейрек кылымдай убакыт мурун Түркмөнстандан алгачкы аялдар топ-тобу менен акча табуу үчүн Түркияга кете баштаганда коомдо бул көрүнүшкө карата мамиле терс болгонун Францияда жашаган түркмөнстандык укук коргоочу, «Даянч» жарандык кыймылынын негиздөөчүсү Диана Дадашева белгилөөдө. Бирок кийинчерээк өлкөдөгү татаал социалдык-экономикалык абалдын жана жумушсуздуктун айынан эмгек миграциясы кадыресе көрүнүшкө айланган.

«Баары “ушундай болушу керек” дегендей кабыл алынат: эркектер үйдө калат, аялдар акча табуу үчүн чет өлкөгө кетишет. Баланы энесиз калтыруу азыр көнүмүш нерсе катары эле кабыл алынып калды, эч ким бул үчүн айыптабайт. Мамлекет миграция агымына каршы, балдардын эне камкордугунан ажырабашы үчүн эч кандай чара көрбөй жатат», — дейт укук коргоочу.

Миграциядан кайтып баргандан кийин өз үй-бүлөсүнө кереги жок болуп калган аялдар бул көйгөйү менен жалгыз калышат.

Мамлекет аларга жардам берүүгө шашылбайт, бирок мигрант аялдар жөнөткөн акча үй-бүлөлөр гана эмес, жалпы өлкөнүн экономикасы үчүн да өбөлгө болуп турат. Убактылуу баш калкалоочу жайлар да, социалдык колдоонун кандайдыр бир чаралары да жок: түркмөнстандык аялдар чет өлкөдө гана эмес, өз мекенинде да корголбойт.

Диана Дадашева
Диана Дадашева

«Миграциядагы аялдардын күйөөлөрү башка үй-бүлө куруп кетип жатканынын көбөйүшү экономикалык кризиске жана эмгек миграциясына гана эмес, системалуу теңсиздикке, аялдардын укуктары натыйжалуу корголбой жатышына жана эркектердин эч кандай кесепетсиз жашай беришине шарт түзгөн патриархалдык көрүнүштөрдүн сакталып калышына да байланыштуу болууда. Түркмөнстандын укуктук институттары эркин эмес жана бийликтин толук көзөмөлүндө турат. Учурдагы көйгөйлөрдү ачык таанып, аларды чечүүнүн жолдорун издегендин ордуна көптөгөн окуяларды эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурбоо үчүн катардагы окуя катары көрсөтүүгө же таптакыр жаап-жашырууга аракет кылышат. Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, чет өлкөдө жылдап иштеп, үй-бүлөсүнө акча жөнөткөн, андан соң мекенине кайтып барганда үй-жайсыз, жашоого каражатысыз жана колдоосуз калган аялдар аз эмес, — дейт Дадашева.

Укук коргоочу белгилегендей, баш калкалоочу жайсыз жана акчасыз калган мигрант аялдар өз укуктарын коргой алышпайт:

«Көптөгөн үй-бүлөлөрдө мүлктүк мамиле эч кандай юридикалык кепилдиксиз, ишенимдин негизинде эле курулат. Натыйжада аялдар кайтып баргандан кийин көп учурда өздөрү тапкан каражатка алынган мүлкүнөн да ажырап калышат жана сот аркылуу адилеттикке жетүүгө дээрлик мүмкүнчүлүгү болбойт».

Түркмөн бийлиги жапырт эмгек миграциясы бар экенин моюнга албайт (расмий көз караш боюнча, өлкөнүн экономикасы ийгиликтүү өнүгүп жатат), бирок аны чектөөгө аракет кылып келет. 2022-жылы Ашхабад Түркиянын өкмөтүнө түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүү өтүнүчү менен кайрылган. Анкара бул өтүнүчкө макул болгон.

Жаңы эреже киргизилгенге чейин Түркмөнстандын жарандары Түркияда визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышчу. Ошондуктан Түркия саякаттоо жана эмгек миграциясы үчүн негизги багыттардын бири болгон. Ал эми жаңы эреже кабыл алынгандан бери өлкөгө виза алдын ала таризделгенден кийин гана кирсе болот, виза алуу шарттары да улам татаалдашып баратат.

«Биз Түркмөнстандын бийлиги массалык эмгек миграциясы бар экенин жана мигрант аялдар өзгөчө аялуу абалда экенин моюнга алышы керек деп эсептейбиз. Алардын укуктарын өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу да коргоо боюнча мамлекеттик механизмдерди иштеп чыгуу зарыл. Айрыкча Түркмөнстандын көптөгөн жарандары жашаган Түркияда мындай механизмдер өзгөчө маанилүү. Бул кризистик борборлорду түзүүнү, жеткиликтүү психологиялык, юридикалык жана каржылык жардам көрсөтүүнү, коопсуз иштеген "ишеним телефондорун" уюштурууну, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан, экономикалык зомбулуктан жана эксплуатациянын башка түрлөрүнөн натыйжалуу коргоо механизмдерин түзүүнү билдирет», — дейт Диана Дадашева.

"Азаттык Азиянын" макаласынын түп нускасы бул жерде

Куржундар
XS
SM
MD
LG