Ferienjob: Германияда ишсиз калган улан-кыздар кайда барат?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жайкы сезондук жумушка Германияга барган 150дөй кыргызстандык улан-кыз качкындар лагеринде жүргөнү айтылган видеолор социалдык тармактарга тарады. Видеодо сүйлөгөндөр аларды Кыргызстандагы ортомчу компания жетиштүү шарт түзбөстөн жөнөткөнүн, Германияга баргандан кийин турак жай жана жумуш маселесинде кыйынчылыктар жаралганын айтышат. Мындай учурлар буга чейин да катталып, чет өлкөгө ишке орноштуруучу ортомчу компаниялардын жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлүп келген.