Бишкекте кафе жана сулуулук салону өрттөндү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте Жаш Гвардия – Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Али Хан» аттуу кафеден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо тууралуу кабар 16:25те түшкөн. Кафеге жакын жайгашкан сулуулук салону да күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.