Римдеги уйкусуз түн: Италияны кубандырган жеңиш

Италия ушуну менен Европа чемпиондугун экинчи ирет жеңип алды. Биринчи жолу 1968-жылдагы мелдешти уткан.

Люк Шоу беттештин экинчи минутасында эсепти ачты

Беттештин экинчи бөлүгүндө Леонардо Бонуччи эсепти 1:1 кылып теңеди.

Европанын чемпиону ким болоорун пенальти гана аныктады.

Учурда Италия курама командасы 34 оюндан бери утула элек.

Италиянын дарбазачысы Жанлуиджи Доннарумма чемпионаттын эң мыкты оюнчусу болду. Мыкты чабуулчу катары потругалиялык Криштиану Роналду аталды.

Рим шаары жеңишти майрамдоодо.

Англия акыркы 25 жылда биринчи ирет финалга чыкты. Негизи футболдун мекени деп аталган бул мамлекет Европанын бир да жолку чемпиону боло элек эле. Ошентсе дагы адистер кийинки дүйнө чемпионатында Англия курамасы байге үчүн башкы талапкер экенин белгилешти.