Грузия: Тбилисини каптаган суу ташкыны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тбилисиде Вере дарыясы ташкындап, жолундагылардын баарын агызды. Азыр ондон ашуун адам өлүп, 30дай киши дайынсыз. Грузиянын борборунда 13-июндун кечинде нөшөрлөп жааган катуу жаандан улам ондогон үйлөрдүн биринчи кабаттарын, жер төлөлөрдү суу каптап, унаа жолдорду, электр зымдарды керектен чыгарды. Шаарда жайгашкан зоопарк талкаланып, бир нече жолборс, аюу, арстан жана карышкыр сыяктуу жапайы жаныбарлар качып кеткен. Алардын айрымдары кармалса, кээ бир жапайы жаныбарларды атып салууга мажбур болушту.