Германияга барган студенттер укугу бузулганын айтты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Былтыр жaйкысын Германияда иштеп келген студенттер укугу бузулуп, айлык акысын толук албаганын айтып чыгышты. 20дан ашык студент Социалдык өнүктүрүу жана эмгек министрлиги, Германиядагы Кыргызстандын элчилигине арызданышкан. Ал эми студенттерди ишке жиберген компания укук бузууларды четке кагууда.