6-январда Түндүк Рейн-Вестфалия чөлкөмүнүн ички иштер министри Ралф Йегер 31-декабрда көчөдөгү аялдарга асылып, айрымдарын карактап, башкаларга сексуалдык ыдык көргөзүүгө аракеттенген шектүү үч киши аныкталганын билдирди.
90го жакын кыз-келин борбордук темир жол вокзалдын жана кафедралдык чиркөөнүн аймагында мас болгон агрессивдүү бейбаштардын кол салууларына туш болушканын айтып, полицияга кайрылышкан. Кеминде бир аял зордукталган. Күбөлөр менен тартип коргоочулар билдиришкендей, мыйзам бузгандар сырткы келбетинен арабдарга же түндүк африкалыктарга түспөлдөш болчу.
Министр Йегер азырынча эч ким камакка алына электигин белгилеп, тергөөчүлөрдөн апта соңуна чейин так маалымат күтөрүн кошумчалады.
Полициянын маалыматына ылайык, жаңы жылдын кечинде болгон окуяга топ-топко бөлүнгөн бир миңге чукул эркек катышкан.
5-январда шаар мэриясынын кызматкерлери тартип коргоочулар менен чукул жыйынга чогулуп, кол салуу фактыларын талкуулашты.
Ушу тапта полиция ал кылмыштар атайлап уюштурулган эмеспи деген суроого жооп издешүүдө. Көзөмөл камералары, чөнтөк телефондордон жазылган көптөгөн маалыматтар кылдат текшерилүүдө. Бирок катардагы тургундар майрамдык шаан-шөкөттөрдүн тынч өтүшүн камсыздоого тартылган полициячылардын саны аз болгонуна нааразы.
Көлн полиция департаментинин башчысы Вольфганг Алберс мындан ары эл көп топтолгон жерлерде кошумча көзөмөл камералары орнотуларын жана жарандык кийимчен коопсуздук тыңчылары көбөйтүлөрүн билдирди.
Кээ бир саясатчылар мынчалык келгинди кабыл алуу кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келери күн мурунтан эле белгилүү болчу деп өкмөттү айыпташса, башкалары негизсиз эле бардык мигранттарга күнөө тагуу туура эместигин белгилешүүдө.
Канцлер Ангела Меркел Көлндогу окуяны катуу айыптаганы менен, шаршембиде калаа борборуна чогулган 300дөй киши анын “ачык эшик” саясатын катуу сындашты.
Ал эми шаардын мэри Гениретте Рекер жергиликтүү жашоочуларды шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды.
- Кылмышкерлердин андай терс жоруктары келишкис. Полиция менен тергөөчүлөрдөн алардын жазаланышын күтөбүз. Келечекте алдын алуучу чараларга да басым жасоону көздөйбүз. Кыз-келиндер массалык иш-чараларга жөнөрдүн алдында туура жүрүм-турум боюнча маалымат алып, ушул өңдүү кол салуулардан өздөрүн коргоого даяр болууга тийиш. Биз жакында психологдордун кеңештерин даярдап, интернетке жайгаштырабыз.
Бирок көптөрү “эмне себептен ал жагымсыз окуя жөнүндө бийлик 4 күндөн киийн гана маалымдады”, - деген суроону узатышууда. Буга азырынча эч ким жооп бере элек.
Айрым божомолдорго караганда, бийлик келгин-бозгундарга каршы кас маанайдын күчөшүнөн атүгүл аларды өз алдынча жазалоо аракеттеринен, зомбулуктан чочулашы деле мүмкүн. Ошол эле маалда азырынча кол салууларга качкындардын катышканы далилдене элек.
Полициянын кесиптик кошуунун жетектеген Райнер Вендт ушул өңдүү окуялар Штутгарт жана Гамбург шаарларында да катталганын, кеп уюшкан кылмыштуулук эмес, караңгы киргенде кол салган уюшкан топтор тууралуу жүрүүдө деген пикирин айтат.
Ал ортодо 6-январда Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер 2015-жылы өлкө рекорддук сандагы 1,1 миллионго жакын качкынды кабыл алганын билдирди. Немис бийлиги алардын жарымынан азыраак бөлүгүн гана каттоого үлгүрдү. Министр белгилегендей, быйыл өкмөт мигранттардын агымын азайтууга аракеттенет.