Соколов: СССР Германиядай эле агрессор болгон

Тарыхчы Борис Соколов

Акыркы убактарда Улуу Жеңишти майрамдоо эл көңүлүн алагды кылган салтанатка айланып баратканы сындалууда. Удаа эле согуш боюнча жаңы фактылар ачыкка чыгып, окуу китептеринде, коомчулукта даңазаланган баатырлыктар жалган деген далилдер айтылууда.

Согуштагы талаштуу жагдайлар, тарыхтагы актай тактар тууралуу жазуучу-тарыхчы, орусиялык изилдөөчүлөр ассоциациясынын мүчөсү Борис Соколов менен маектештик.

- 9-Майда, анын алдында параддар, түрдүү флеш-моб, акциялар өтөт. Куттуктоолор жаңырат. Бул күн согуш ардагерлери, согушта курман болгондор үчүн белгиленип жатабы же мындан саясий упайга туйтунгусу келгендер көбүрөөкпү?

- Орусияда ал таптаза саясий пиарга айланды. Бул күндү согушта курман болгондордун бардыгын эскерген күн катары, тар чөйрөдө, "Өлбөс полктун" маршы сыяктуулары жок эле белгилесек болмок. Чоң атаңдын сүрөтүн көтөрүп алып демонстрацияга чыгуу болбогон нерсе. Чын ниеттен эскергиң келсе үйдө деле эскерсе болот. Аны дуулдатып көчөдө даңазалоо, ошол чоң атасынын эсебинен мактануу болбогон нерсе. Ал эми саясатчылар Жеңишти Орусиядагы азыркы саясий режимди, тышкы саясатты актоо катары көрүшөт.

- Путин “согушта Орусия өзү деле жеңмек” деген ойду айтып жүрөт. Буга Украина быйыл да каяша кылды. Акыркы убактарда жеңишке бир Орусиядан башка өлкөлөр да эбегейсиз салым кошконун унутууга аракеттер жасалып жаткандай сезилбейби?

Матросов эрдик көрсөтүп өлгөнүн танбайбыз. Бирок ал дзоттун амбразурасын денеси менен жапканына ишенүүгө болбойт.

- Жеңиш баарына тиешелүү. Анын ичинде СССРге, согуш убагында СССРге мажбурлап коштурулгандарга, ошондой эле бардык тилектештер - Польша, Англия, Америка, Франция, Канада сыяктуу өлкөлөргө да тиешелүү. Бизде саясатчылар кайсы бир деңгээлде муну өз жеңиши, саясий үгүт аркылуу элдин башын бириктирчү курал катары карап жатышат. Ошол эле учурда жеңишке тийиштиги бар өлкөлөр муну көптөн бери жупуну белгилеп атышат.

- Өткөн жылы Орусиянын Башкы архивинин директору 28 панфиловчулар тууралуу баян жомок, пропаганда куралы болгонун айтты. Ал муну жокко чыгарган СССР аскер прокурору Афанасьевдин документтик маалыматтарын далил келтирди. Дегеле, советтик үгүт үчүн кызмат кылган жагдайлар дагы барбы? Алардын чын-төгүнүн ачканга азыр тарыхчылар даярбы?

- 28 панфиловчулар тууралуу 1990-жылы эле чындык кеп айтылган. Согуштун чыныгы жүзүн таанып-билген тарыхчылар бар. Бирок Орусияда өтө азбыз. Айрым фактыларды жарыялаганга аракет кылып келебиз. Мисалы, СССР согушта өтө көп зыянга учураган. Менин эсебимде 40 миллиондон ашуун адам өлгөн. Анын 27 миллиону - армия. Мурда расмий 26,6 млн адам өлгөн, анын 9 миллиондон азы аскерлер деп айтылып келген. Чын-чынында курман болгон аскерлер андан көп эле. Мен бул маалыматтарды жылдап тактап, бир эки жыл илгери жарыяладым.

Жеңиш баарына тиешелүү. Анын ичинде СССРге, согуш убагында СССРге мажбурлап коштурулгандарга, ошондой эле бардык тилектеш өлкөлөргө да тиешелүү.

Элге чынчыл маалыматтар жетиши керек. Ал үчүн мамлекет ошондогу согушка, жеңиштин баасына карата оюн өзгөртүшү керек. Муну улуу трагедия катары карап, мындай алааматтын от алышына Сталин менен Гитлердин кутуму негиз болгонун, буга Советтер Союзунун жоопкерчилигин моюнга алышы керек.

Советтер Союзу согушта Германия сыяктуу эле агрессор болгонун танбоо абзел. СССРдин Чыгыш Польшаны, Балтика боюн басып алганын, Финляндияны алууга аракеттенгенин эске алсак, мында коргонуу эмес, кол салуу жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз.

- Ал үчүн дагы бир топ документтердин башы ачылышы керек турбайбы? Мамлекеттик маанидеги, ошондогу саясатты ашкерелеп берген документтер азыр барбы?

- Орусиялык архивдерде эле Башкы штабдын ачыкка чыкпаган, азыркыга чейин сыр бойдон турган документтер абдан көп. Аны биз алалбай келебиз. Ошолор гана согуштун чыныгы жүрүшүн реалдуу чагылдырат.

- Ал документтердин ичинде айрым ачылбаган эрдиктер да болсо керек? Өзгөчө славян эмес улуттагы жоокерлердин баатырдыгы аз даңкталганы таарыныч иретинде айтылып жүрөт. Балким ошолорго байланыштуу документтер да сыр бойдондур?

- Эрдиктер учурунда көбүрөөк жарыяланып, ачылган. Баатырдык, каармандык окуяларды бийлик көбүрөөк таратканга аракет кылчу. Бирок алардын ичинен чыныгы эрдиги кайсы, ал эми ойдон чыгарылып, пропагандага сугарылганы канча экени башка иш. Мисалы, элге көбүрөөк белгилүүлөрү - 28 панфиловчулар советтик журналисттин оюнан чыгарылган баян экени айтылып далилденди.

СССР согушта өтө көп зыянга учураган. Менин эсебимде 40 миллиондон ашуун адам өлгөн.

Ал эми севастополдук беш моряк, Александр Матросовдун эрдиги жана башкалар да толук чындыкка төп келбейт. Матросов эрдик көрсөтүп өлгөнүн танбайбыз. Бирок ал дзоттун амбразурасын денеси менен жапканына ишенүүгө болбойт. Андай кылууга мүмкүн да эмес. Жөн гана жоокердин өлүгү дзоттун жанынан табылса, ал амбразураны денеси менен жапкан деп эсептелген.

Ойлоп көрсөңөр, өлгөн адам тешикти кантип жаап тура алмак? Жамгырдай жааган ок ага жеткирбей эле калбыр кылып тытып, ыргытып ийип жатпайбы...

Бирок Зоя Космодемьянскаянын эрдиги чындык. Кайсы бир каармандар чындыкка ылайык, ал эми кайсы бири ойдон чыгарылган, башкасы үгүткө жараша көбүртүп-жабыртылган.