Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Жеңиш күн: Акбоз ат жайдак келди...


Фрунзе аэродромундагы машыгуу. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: А.Вилчинский. 1941-жыл.
Фрунзе аэродромундагы машыгуу. Фрунзе шаары. Сүрөттүн автору: А.Вилчинский. 1941-жыл.

“Керман согуш” деп айылдагы аксакалдардан угуп калчу Улуу Атамекендик урушка катышкан ардагерлер саны да азайып-азайып отуруп, ушу тапта биздин республикада сегиз жүз ашуун гана киши калыптыр. Мезгил ошентип баарын жай-жайына коюп, улам арылаган сайын апааттын жаңырыгы да басаңдап, бирок да элдин көңүл-көйүндө өчпөй кала берет экен.

Таятамын бир тууган иниси Али Эринбетов согуштан кайтпай калганын ыраматылык апам өмүр бою айтып жүрдү. Бир тууган абасынын мектепте иштеп, балалуу болуп-болбой канмайданга аттанып кайтпай калганы өзгөчө сезимтал жаралып калган апамын арманы болуп калды окшойт. “Али акем бизге минтчи эле, билимдүү болчу” деп күйүп-күйүп алганы а кездеги биздей мадырабаштарга анча деле жетпептир. Бала кездеги оюндарыбыздын көбү “согуш” болчу. “Актар-кызылдар” болуп алып “мен Чапаев болом” деген оюндар да артта калды. Азыр ойлосом, биздин балалык оюндарыбыз деле коммунисттик идеологияга азыноолок аралашып калган шекилдүү.

Ал эми согуштун жексур жүзү тайенемин Айымжан деген эжесинин тагдыр ташпишине жазылган белем, үч уулу менен күйөөсүнөн ажырап, басса-турса кейип, шуу үшкүрүп, “жок дегенде Ташимбайым келгенде, мынчага чыгып калат эле” деп таягы менен жерди чаап-чаап алар эле жарыктык. Тиричилик деген өтө берет экен. Ошол Айымжан эжебиз деле малын көбөйтүп, эгинин ордуруп, чөбүн чаптырып, бүтпөгөн түйшүк менен жүрчү. Согуш уулдары менен теңтуштары тууралуу кеп болуп калса же алардын бирди-жарымын эжем көрүп калса өзүнөн-өзү ичтеги арманы жанар тоо болуп жанып кетчү. Кийин-кийин карып калган чагында камбыл кемпир өзүнүн ашын берип, жылкы союп, андан да чымчым эт да ооз тийбей, келген элге тамак тарттырып, каада-салтын жасаган. Мындан өткөн арман барбы. Үч баласы, чалынан ажырап, коколой башы калып, турмуштан жолу болбой калган сиңдисин эш тутуп жашоонун түгөнбөс түйшүгү кажарлуу кемпирди алаксытып, кайгысынан аз да болсо алаксытканына көнүп калган болуу керек. Жараткан балдары менен күйөөсүн эрте алып кеткенин эсепке алганбы. Айымжан эжем токсондон ашып бу жарыкчылык менен коштошту. Ошого чейин кайратынан тайбай, бирок бирди-жарым балдарынын курдаштарын көрсө эле күйүтүнө түшүп, шуу үшкүрүп отуруп калар эле.

Согуштан кайтпай калган атасынын инилерин Саадат деген тажеңебиз эмдигиче издеп келатат. Алардын аты-жөнүн жазып алып бир ирет мага да келиптир. Колунда абаларынан келген каттар да бар экен. Аларды бир сыйра окутуп, анан түз эле Москвага арыз жазып, согушта курман болгондордун дарек-дайнын тапчу жерине жөнөтүштү сурады. Анда 2001-жыл болчу. Москвага Коргоо министрлигинин архивине кат жаздым, бирок жооп келген жок.

Айымжан эжебиз да балдарынан келген каттарды кайра-кайра окутуп уккандан тажачу эмес. Чалы, кыязы, сабатсыз болгонбу же кат жазган эмеспи, негедир а кишинин жазгандары биздин баамга урунбады. Кантсе да мектеп мугалими эмеспи, Ташим абабыздын каттарын Айымжан эжебизге эчен ирет окуп берип, кат окулган сайын уулу келип калчудай үмүттүү карап отурган энени көрүп, бала болсок деле энени баласынан ажыраткан согуштун каарын сезип турчубуз.

Согуш демекчи, кан күйгөн апаатка качып барбай койгон бир абабыз да бар эле. Жакшы киши болчу. Ошо кишинин уруштан кантип жашырынып калганын, аны а кездеги башкарма кантип сактап калганын айылдагылар узун кеп кылып айтышар эле. Негедир бир кишинин согушка качып барбай койгон адамды жаман көргөнүн же жактырбаганын байкабадым. Тескерисинче, ону кетсе бири же ал деле кайтпай калган апааттан карабашын калкалап калган кишини түшүнүү менен кабыл алганбы деп ойлоп отурам. Кичинекей айылдан эле эчен мыкты азаматтар алыска ата-бабасы атын укпаган жерге урушка кетип атса, андан кайтар-кайтпасы даркүмөн болсо, качып барбай койгондорду эл өзү деле жактырып, колунан келсе жашырышка жардам берген окшобойбу.

Улуу Атамекендик уруштун басылганынан бери мына быйыл 71 жыл толду. Мурдагы социализм заманында Жеңиш күндүн урматына ардагерлерге сый-урмат көрсөтүлүп, жылдын бир күнүндө кан кечип келген баатырларга мамлекет тарабынан көңүл бурулат. Башка учурларда канмайданга катышып келгендер менен оорукта бел чечпей иш кылгандар менен башкалардын жумушу деле жок. Баары эле күндөлүк турмуштун ташпиши менен алек. Согушка катышкандар менен оорукта бел чечпей мээнет кылгандар минтип аз-аздан бу жарыкчылыктан кетип, катары катуу суюлуп баратат. Улуу уруштан кийинки муун өкүлдөрүнүн кыйласы он жылга созулган Ооган урушуна, андан кийин Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга, 1999 – 2000-жылкы Баткен алааматына катышып, канча чырактай жаш өмүрлөр кыйылды. Эгемен өлкөбүздүн башына түшкөн кандуу кош апааттын 1990 – 2010-жылкы кагылыштан каза тапкандарды эстегенде бу балакеттүү уруш адам баласы барда токтолбойбу деген кабатыр ой да келбей койбойт.

Улуу Атамекендик согушка Кыргызстанда 400 миңге жакын азаматтар аттанып, анын 150 миңге жакыны Мекенине кайтпай калган. Айымжан эжемин балдары ошолордун бири. Антип кайгыга батып өмүрү өткөнчө каргышын согушка айтып, аны баштагандар оңбосун деп какшагандардын арман-күйүтүн чогулта келсе жер үстү жалаң кайгы-капага бастырылып калмак. Согуштун башталышынан токтолушу кыйын. Дүйнөлүк эки согуш кыргынын баштагандардын урпактары эмдигиче күнөө сезиминен арыла албай, эпсиз кыргындардын кунун төлөп, ортодо канча муун өтсө да жаамы дүйнөлүк алааматтын сабактары эскерилип, адам колу менен жасалган жырткычтыктары эскерилип, кийинки муунга сабак болсун деп айтылып келатат. Дагы кыйлага айтылат болуш керек.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG