"Клооп" - коомдун керегине жараган жаштар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16 жыл мурда жаштардын, окуучулардын жөнөкөй блогунан башталган “Клооп” учурда журналистиканын алдыңкы сабына чыгып, курч иликтөөлөрү менен таанылган заманбап медиага айланды. “Ашар” долбоору коомдогу көйгөйлөрдү чогуу чечүүнүн жолун издесе, англис тилин үйрөткөн, шайлоого көз салган, кыздарды илимге сүрөгөн долбоорлорду ишке ашырат. Маданият министрлиги “Клооптун” сайтын бөгөттөгөн чечим кабыл алса, Бишкектин прокурору сотко арыз жазды.