Иран: уулун өлтүргөнгө жан соога

Балал өлүм жазасына 7 жыл мурда Абдулла аттуу баланы өлтүргөнү үчүн тартылган. Экөө тең анда 17 жашта болгон.  

 Өлүм жазасы ишке ашар күнү Балалдын энеси анын уулуна ырайым болорунан үмүт үзгөнүн айткан.

Мазендаран провинциясындагы Нур шаарына чогулган эл өлүм жазасынын ишке ашуусун күтүшүүдө.

Шарият мыйзамдары боюнча курмандыктын туугандары жазага катышып, соттолуучунун астындагы тактаны тээп, ары жылдырышы керек.
 

Балалдын туугандары ыйлап жатышат.

Өлгөн баланын туугандары айыпталуучунун моюнуна сыйыртмак салынганын карап турушат.
 

Акыркы мүнөттөрдө өлгөн баланын энеси Балалдын жанына келип, аны жаакка чапкан соң кечиргенин айтты.

 Соттолуучунун өмүрү куткарылды. Туугандары анын моюнунан жипти чечип жатышат.

Коопсуздук кызматынын өкүлү өлгөн баланын атасына соттолуучуну кечиргени үчүн ыраазычылык билдирүүдө.

Соттолуучу менен өлгөн баланын энеси ыйлап жатышат.

Балалдын туугандары Абдулланын атасына рахмат айтышууда.

Балалдын туугандары кучакташууда. Ырайым кылуу түрмөдөн толук бошотууну билдирбейт, өлгөн адамдын жакындары жан соога кылганга гана укуктуу.
 

Абдулла Хоссейнзаденин ата-энеси жана карындашы. Абдулланын 11 жаштагы  иниси мотоциклден кулап, жан берген.

Абдулланын ата-энеси анын мүрзөсүнө келишти.