Иран: Али Хаменеинин мураскору Можтаба кайда?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иранда 9-июлда мурдагы жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин сөөгүн жерге беришти. Аны менен коштошуу жөрөлгөсү алты күн болду. Арийне маркумдун экинчи уулу жана мураскери, Ислам жумуриятынын жаңы көсөмү Можтаба Хаменеи жаназага катышкан жок. Ал атасы мерт кеткен 28-февралда катуу жаракат алганы айтылып келет. Ошол күнү АКШ менен Израил Иранга каршы чабуулдарды баштаган. Али Хаменеи өлкөнү 40 жылга жакын башкарды. Анын бийлиги репрессиялар, басым-кысым, камоолор жана катуу саясий, социалдык чектөөлөр менен коштолду.