Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ирандын аймагына сокку урулушу мүмкүндүгү тууралуу билдирүүлөрү менен катар Тегеранды тигле келүүгө чакырып жатат.
Мунаса талаптары белгилүү: Иран өзүнүн өзөктүк программасын токтотушу керек, ошону менен катар баллистикалык ракеталар багытындагы өз мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, Жакынкы Чыгыштагы өзү колдогон куралчан топтор менен байланышын үзүшү зарыл. Эгер бул шарттардын баары аткарылса Кошмо Штаттар Иранга кол салбайт жана Тегеран режимине каршы киргизилген оор санкцияларды алып салат.
Эгер Иран бул шарттарды кабыл албай турган болсо анда Трамп эскерткендей, өлкө былтыркыдан да катаал кесепеттерге туш болот. Былтыр Кошмо Штаттар Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерин бомбалоосуна катышкан болчу.
Талдоочулар Иран Трамптын мындай катаал талаптарын кабыл алышы күмөн экенин белгилешет. Анткени, алардын пикиринде, эгер Иран андай шартка көнсө бул Тегерандын ондогон жылдар бою жүргүзүп келаткан саясатынан баш тартуусуна, багынып берүүсүнө тете болот.
Дагы караңыз Трамп аскердик кемелердин дагы бир тобу Иранды көздөй жолго чыкканын билдирди"Кеч боло электе"
АКШ администрациясынын өкүлү "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна жазуу түрүндө жөнөткөн комментарийинде "Трамп Иранга каршы эч кандай чара көрүү зарылчылыгы болбойт" деп үмүттөнөрүн билдирип, ошол эле учурда Тегеранды "кеч боло электе" кепке келүүгө үндөдү.
Трамп айткан сөзүнө турарына "Түнкү сокку" жана "Абсолюттук чечкиндүүлүк" операциялары далил экенин Ак үй өкүлү белгиледи. Ал аталаган операциялар аркылуу 2025-жылы июнда Ирандын өзөктүк объектилерине чабуул жасалса, быйыл 3-январда Венесуэланын башчысы Николас Мадуро бийликтен кулатылган.
"Президенттин Ирандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп кошумчалады ал.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Иран: Трамп "күч колдонуу" ыктымал экенин кайталады
АКШ соңку күндөрү Жакынкы Чыгыш аймагына негизги согуштук кемелерин, анын ичинде аба кемесин жана бомбалоочу кошумча учактарды жайгаштырды.
Трамп ошондой эле Иран менен бизнес жүргүзгөн ар бир өлкөгө 25% тариф киргизилерин, жаңы санкциялар да болорун жарыялап, Тегеранга экономикалык басымын күчөттү.
АКШ президентинин Иранга аскердик сокку уруу ыктымалдыгы тууралуу эскертүүлөрү өткөн жылдын декабрь айынын аягында бул өлкөдө жапырт нааразылык акциялары тутанып, бийлик аларга каршы күч колдонуп, миңдеген демонстранттардын өмүрү кыйылып жатканы тууралуу маалыматтар тараганда башталган.
АКШнын "ыктымал" аскердик аракеттери
28-январда Трамп Ирандын "өзөктүк куралы жок болушун" камсыз кыла турган "адилеттүү жана тең укуктуу келишимге" жетишүү туура болорун билдирди. Ал эми Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатта экенин узактан бери белгилейт.
Бирок өзөктүк программа маселеси АКШ коюп жаткан бир нече талаптын бири гана. Маалыматтарга караганда, Трамп ошондой эле Иран өзүнүн баллистикалык ракета программасын чектеп, Ливандагы, Ирактагы, Йемендеги жана палестин аймактарындагы Иранды жактаган куралдуу топторго колдоо көрсөтүүсүн токтотушу керек деген да талап коюуда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШ кемелерин жөнөттү, Иран жооп берерин эскертти
Тегерандын колунда Перс булуңундагы АКШнын аскердик базаларына жана коммерциялык кызыкчылыктарына коркунуч келтирген кыска аралыкка учуучу ракеталар жана АКШнын негизги союздашы Израилдин аймагына жете ала турган орто аралыкка учуучу заманбап ракеталары бар.
Талдоочулардын пикиринде, Трамп Ирандын диний жетекчилигинин болуп көрбөгөндөй алсыздыгынан пайдаланып, Тегеранды олуттуу чегинүүлөргө барууга мажбурлоо аракетин көрүп жатат.
Азыркы тапта Ирандын бийлиги экономикалык кризистин күчөшүнөн жана бир нече аптага созулган жалпы улуттук нааразылык акцияларынан улам алсырап турган чагы. Мунун баары ал үчүн соңку жылдардагы эң чоң коркунуч болууда. Израил да Тегерандын өнөктөштөрүнүн, анын ичинде Ливандагы "Хезболланын", Йемендин хуси козголоңчуларынын жана АКШ менен Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун согуштук мүмкүнчүлүктөрүн төмөндөтө алды.
Вашингтондо жайгашкан Жакынкы Чыгыш институтунун Иран программасынын директору Алекс Ватанка бул тууралуу:
"АКШнын айрым расмий өкүлдөрү мына ушундай азыркы абалды Иранга карата өзөктүк чектөөлөр, анын аймактагы мамилелери жана ракеталык мүмкүнчүлүктөрү жагынан Тегеранга басым көрсөтүү аракети катары караштырып жатышат", - деген ою менен бөлүштү.
Дагы караңыз Иран: АКШ кандай аскердик кадам жасайт?"Ислам жумуриятынын кыйрашы"
Ирандын расмий кызмат адамдары, анын ичинде тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана парламенттин спикери Мохаммад Бакер Калибаф Тегеран сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирип, бирок Вашингтон "адилеттүү келишимге кызыкдар эместигин" айтып жатышат.
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Трамптын талаптарына "абдан күмөн саноо менен карарын, аларды кабыл алууга каршы болорун" Вашингтондо жайгашкан "Ядролук Иранга каршы бириккендер" уюмунун саясат боюнча директору Жейсон Бродский белгиледи:
"Анткени ал аларды кабыл алууну Ислам жумуриятынын кулашына жол ачуу катары көрөт".
Бродскийдин пикиринде, эгер мунаса табылбаса Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерге уруксат бериши "өтө эле ыктымал". Ал белгилегендей, буга АКШ президентинин риторикасы жана аймакта америкалык аскердик күчтөрүн бекемдөөсү далил.
"Бул былтыр июнь айындагы 12 күндүк согушка жана АКШнын Венесуэлада Николас Мадурону колго түшүргөнгө чейинки билдирүүлөрү менен аракеттерине абдан окшош схема болуп турат. Президент Трамп Иран режимин адаштырыш үчүн бирде тирешүү, бирде элдешүү тууралуу билдирүүлөрүн улам айтып жатат", - деди ал.
Бродскийдин айтымында, аскердик аракеттер боло турган болсо алар Иранды өлкөдөгү нааразылык акцияларын баскан кандуу ыкмалар үчүн жоопко тартуу, аймактагы активдүүлүгүн басаңдатуу жана аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатын көздөйт.
Ал Трамп "аскердик аракеттерди келечекте келишимге жетишүү жолу катары карашы ыктымал" экенин кошумчалады.
Алекс Ватанка болсо бир аз этият баа берип, "АКШ бир эмес, эки жолу ойлонушу керектигине бардык негиздер бар" экенин айтты. Ал "кандай гана сокку болбосун, Ирандын союздаш куралдуу топтору жана аны колдогондор тартыла турган аймактык чынжырча реакциясын жаратышы мүмкүн экенин Пентагон билет" деп баса белгиледи.
АКШнын Жакынкы Чыгышта аскердик күчтөрүн көбөйтүүсү, анын белгилешинче, "режимди алмаштыруу эмес, негизинен коргонуу максатында же Тегеранга дипломатиялык жол менен басым көрсөтүүгө багытталган" болушу мүмкүн.