ИМ чет элдик согушкерлерди Ливияга тартууда

ИМ тобунун согушкерлери туткундарды жазалоо алдында. 2015-жылы августа таратылган видеодон алынган сүрөт.

“Ислам мамлекети” террордук тобундагы чет элдиктердин жалпы саны азайды. Бул тууралуу америкалык расмий өкүлдөр билдирүүдө. Бирок акыркы айларда бул топ чет элдик согушкерлерди эми мүмкүн болушунча Ливияга көбүрөөк тартууга аракеттенип жатканы байкалат.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобундагы чет элдик согушкерлердин саны азайганы тууралуу Ак үйдөгү басма сөз жыйын учурунда АКШ администрациясынын аталган топко каршы күрөшүү маселелери боюнча атайын чабарманы Бретт МакГерк билдирди.

Америкалык дипломаттын айтымында, ИМ тобунун катары эң калыңдаган кезде анда 120дай өлкөдөн келген чет элдик согушкерлердин саны 35 миңге чейин жеткен эле. Эми чалгын кызматтарынын соңку байкоолору бул көрсөткүч 25 миңге чейин түшкөнүн көргөзүүдө.

Вашингтон администрациясынын өкүлү “Ислам мамлекети” тобундагы чет элдиктер саны азайышын ириде АКШ баштаган коалициянын бул террордук-экстремисттик топту талкалоо боюнча аракеттери натыйжа берип жатканына байланыштырды.

Брет МакГерктин айтымында, басым-кысым алдында калгандыктан, “Ислам мамлекети” тобу согушкерлеринин маянасын да жарым эсеге кыскартууга мажбур болгон.

Буга чейин халифатчыларды каржы булактарынан, биринчи кезекте Сирия менен Ирактагы мунай соодасынан кыркуу, катарына чет элдиктердин кошулушун токтотуу боюнча чаралар ар кандай деңгээлдеги эл аралык жыйындарда бир нече ирет талкууланып, Улуттар уюмунда атайын резолюция да кабыл алынган эле.

Ливияга азгырык

Азыркыга дейре “Ислам мамлекети” тобу үчүн чет элдик согушкерлер топтолгон негизги жер Сирия болсо, эми багыт Ливияны көздөй бурулгандай:

- Ливияда бир аз бөлөкчө кырдаал. Бирок “Ислам мамлекети” тобу бул жерде да Сириядагыдай эле тактиканы колдонуп жатканын көрүүдөбүз. Ал өзүнүн турумун чыңдап, атаандаштарынын баарын жок кылууда. Африкадагы миграциялык агымды колдонуу менен эми Ливияга чет элдик согушкерлерди азгыруу аракети жасалып жатат. Пропаганда менен алектенген Dabiq журналы адамдарды эми Сирия халифатына барбагыла, Ливияга келгиле деп үндөөдө. Башкача айтканда, чет элдик согушкерлерди мүмкүн болушунча Ливияга көбүрөөк тартуу аракети көрүлүүдө. Сирт шаары сыяктуу тамыр жайган аймактарды атаандаштарынан тазалап, биз Тунисте көргөндөй кол салууларды даярдоого аракеттенүүдө,- деди АКШ администрациясынын өкүлү Брет МакГерк

“Ислам мамлекети” террордук тобу Ливияга коңшу Тунисте былтыр эки теракт жасаган болчу.

Британдык “Гардиан” гезитинин жазганына караганда, халифатчылардын Ливиядагы туруму чыңдалышынан АКШ менен катар анын европалык өнөктөштөрүнүн камтамачылыгы өсүүдө. Маалыматтарга караганда, “Ислам мамлекети” тобунун Ливиядагы согушкерлеринин жалпы саны 6,5 миңдин тегерегинде.

ИМ тобу Ливиянын Сирт шаарында жүргөнүнүн чагылдырган пропагандалык видеосунан алынган сүрөт.

“Гардиандын" пикиринде, Батыш өлкөлөрүнүн Муаммар Каддафиге каршы 2011-жылкы аба соккулары башаламан жыйынтык бергенине карабай, азыр Рим, Париж, Лондон Ливия боюнча жаңы аскерий чараны карап жатканынын белгилери бар.

Мунун максаты Ливиянын аймагы Европада жана Түндүк Африкада жаңы кол салууларды жасоо үчүн пайдаланылышына жол бербөө болушу керек.

“Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы Ливияда күтүлгөн күрөш бул өлкөнүн өз бийликтеринен да биримдикти талап кылып турат:

- Ливиядагы окуялардын биз көргүбүз келген ырааттуулугу - саясий жараяндын жыйынтыкталышы. Ливиянын парламенти улуттук биримдик өкмөтүн жактырат деп үмүттөнөбүз. Ушундан кийин биз жалпы эл аралык коомчулук катары өкмөттү колдоп, анын бутка туруп кетишине жардам бере алабыз. Бирок Ливиядан коркунуч чыгып жатканын көргөндө азыр аракеттенүүдөн да кайра тартпайбыз,- деди АКШ администрациясынын “Ислам мамлекетине” тобуна каршы күрөшүү маселелери боюнча атайын чабарманы Бретт МакГерк.

Өткөн жума күнү АКШ Ливияда “Ислам мамлекети” тобунун Тунистеги былтыркы теракттар үчүн жоопкер согушкерлери бар делген жайга абадан сокку урганда, жергиликтүү бийликтердин айтымында, 40тай адам мерт болду.

Британдык “Таймс” басылмасынын жазганына караганда, Ливияны террорчулардан тазалоо мүдөөсүнө азыр өлкөнүн Чыгышы менен Батышын өз-өзүнчө башкарган эки атаандаш өкмөт тең кошулат.

Эл аралык коомчулук борбор Триполидеги эмес, чыгыштагы Тобрук шаарында жайгашкан өкмөттү тааныган.

Аларды биригүүгө ынандыруу боюнча БУУнун ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөр бир нече айдан бери жүрүп келет, бирок жыйынтык азырынча көрүнө элек.