Испанияда эки поезддин кагылышуусунан каза тапкандар 60тан ашты

Испания, кырсык болгон жер. 28-октябрь, 2026-жыл

Испаниянын борбору Мадридди өлкөнүн түштүгүндөгү Андалусия менен байланыштырган темир жолдо ылдам жүрүүчү эки поезд кагышты. Бийликтин маалыматына ылайык, кырсыктан кеминде 64 адам каза болду. Буга чейин 10, андан кийин 30 киши каза тапканы кабарланып, жабыркагандар, курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экени айтылган.

Темир жол инфратүзүмүн башкарган Adif компаниясы аталган темир жолдо каттам токтогонун билдирди.

"Эки поезддин кагышуусунан кийин Мадрид-Андалусия жогорку ылдамдыктагы темир жол магистралындагы кыймыл токтотулду", - деп айтылат аталган компаниянын Х социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсүндө.

Кырсык Кастилия-Ла-Манча аймагына караштуу Толедо шаарына жакын жерде 28-октябрда болгон. Renfe жана Iryo компанияларынын поезддери саат 9:00дөн өткөндө кагышкан.

Анын кесепетинен Iryo поездинин эки вагону рельстен чыгып кеткен. Reuters агенттиги жазгандай, кырсыктын себептери азырынча такталып, жабыркагандардын саны боюнча маалыматтар өзгөрүп жатат.

Тогуз ай мурда Испаниянын ушул эле аймагында поезд кырсыгы катталган, анда да ылдам жүрүүчү эки поезд кагылышып, 46 адам каза болгон.

Дагы караңыз

Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды сынга алдыУкраина Орусиянын Тула облусундагы химиялык заводго сокку урду