Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев 28-октябрда Бишкекте өткөн кыргыз-казак ишкерлер кеңешинин жыйынында эки өлкөнүн ортосунда соода-сатык өскөнү менен чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерге тоскоолдук жаратып жатканын айтты.
Темир Сариевдин маалыматында 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 63% өсүп, 2,4 млрд долларга жеткен. 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстандын Казакстанга экспорту дээрлик 14% көбөйгөн.
“Бирок чек арадагы абал дагы эле курч бойдон калууда. Жүздөгөн кыргызстандык жүк ташуучу унаалар Казакстандын аймагына өтө албай, узак убакыт кезек күтүүгө мажбур. Мунун айынан товарлар бузулуп, жеткирүү мөөнөттөрү үзгүлтүккө учурап, ишкерлер чыгымга учуроодо”, - деди ал.
Темир Сариев Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин да чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарга туш болгонун, мындай тоскоолдуктар туризмдин өнүгүшүнө да терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги утур-утур болуп турат. Өзгөчө Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекетинде айдоочулар жүгүн Казакстанга өткөрүүдө маселе көп жаралат.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иштейт. (BTo)
Шерине