Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чынарбек Изабеков – эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында эки жолку дүйнө чемпиону. Жакында эле Токиодо өткөн Олимпиадада коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу. Келинчеги Назира Айдарова – Кыргыз Республикасынын Көркөм гимнастика федерациясынын президенти. Экөө 30 жылга чукул түтүн булатып, алты баланы тарбиялап келет.