Иликтөөчү журналист чак түштө сабалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 9-январда Бишкектин так ортосунда «FactCheck» порталынын редактору Болот Темиров сабалды. Журналист кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырды. Ал жетектеген «FactCheck» сайты акыркы кезде бир катар чуулгандуу материалдарды жарыялаган.