Азия жана Океания дзюдочулары Бишкекте күч сынашууда

Чемпионатта Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт. Биринчи мелдеш күнүндө кыргызстандык тогуз дзюдочу татамиге чыкты.

Таймаштар Бишкектеги «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат.

Мелдештин расмий ачылыш аземи бүгүн, 6-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд ал-Анзи баш болгон бир катар расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өттү.  

Кыргызстандын улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов, Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын президенти, Азиянын дзюдо бирлигинин вице-президенти (борбордук зона) Жолдошбек Көлбаев, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Азиянын дзюдо бирлигинин президенти Обайд ал-Анзи.

Чемпионат Эл аралык дзюдо федерациясынын талабына ылайык көрүүчүлөрсүз, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтөт.

Чемпионатты КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтүүдө. 

Кыргызстандык дзюдочу Ксения Бельдягина бир беттеште жеңишке жетип, андан соң жеңилүү ызасын тартып, мелдешти байгесиз жыйынтыктады. Ушундай эле жыйынтык менен кыз-келиндер арасында Адина Кочконбаева, Айсулуу Мусакулова, эркектер арасында Отар Бестаев менен Байбол Саламат уулу таймаштан четтеди.  

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча Азия жана Океаниянын чемпионатынын коло байгесинин ээси болду. Ал 60 килограммга чейинки салмакта 3-орун үчүн таймашта өзбекстандык Кемран Нуриллаевди жеңди. Айбек уулу чейрек финалда дүйнө чемпиону (2015-ж.), Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2016-ж.), казакстандык Элдос Сметовду жеңип алган. Жарым финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Юнг Йанг Вэйге утулуп калган эле. 

Кубанычбек Айбек уулу 20 жашта. 2019-жылы дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия кубогунун күмүш байгелеринин ээси болгон.
Бул күнү Айбек уулунан сырткары дагы бир кыргыз дзюдочусу Артур Те 3-орун үчүн таймашта казак спортчусу Элдос Жумакановдон мөөрөйдү ала албай калды.

Эртең, 7-апрелде эркектер арасында 73 кг., 81 кг., кыз-келиндер арасында 63 кг., жана 70 килограммга чейинки салмакта спортчулар күч сынашат. Бул күнү Кыргызстандан Бексултан Султанов (73 кг.), Владимир Золоев (81 кг.), Ажар Исаева (63 кг.) жана Айжан Кадырбекова (63 кг.) татамиге чыгат.

Дзюдо боюнча чоңдор арасындагы Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат. Таймаштар «Газпром балдарга» дене тарбия – ден соолук чыңдоо комплексинде өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн 28 мамлекеттен 195 спортчу келген. Алар 15 топтом медаль үчүн күч сынашат. Кыргызстандын намысын 17 спортчу коргойт.