"Каныбек менен Айгүл үйүбүздү оңдойбуз деп кеткен эле"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиядагы жол кырсыгынан каза болгон Баткендин беш тургунунун сөөгү жакындарына жеткирлип, жерге берилди. Каза болгондордун арасында үч баланын ата-энеси, жубайлар Каныбек менен Айгүл да бар. Алар куруп баштаган жаңы үйү пайдубалы түптөлгөн боюнча калды.