"Толук изоляцияда калат". Каракалпак активистинин абак мөөнөтү узарды

Даулетмурат Тажимуратов. 2023-жылы сот залында тартылган сүрөт.

Өзбекстанда Каракалпакстан окуяларына байланыштуу ошол акциялардын лидери катары кармалып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан активист Даулетмурат Тажимуратовго дагы беш жыл кошулду. Навоиде сот аны "өтө кооптуу рецидивист" деп атап, шарты катаалыраак колонияга которууну токтом кылды.

Укук коргоочулар жаңы өкүм активисттин абактагы жаза мөөнөтүн узартуу гана эмес, аны мындан ары да изоляцияда кармап, басымды күчөтүүгө түзүлгөн шарт деп атап жатышат.

«Өкүм ошондой болорун ал билген». Тажимуратовдун соту

«Акыркы сөз берилгенде ал козголгон кылмыш ишинин таш-талканын чыгарды. Ал эми өкүм угузулуп жаткан учурда жылмайып гана тим болду», — деп айтып берди Даулетмурат Тажимуратовдун иниси Ренат Тажимуратов. Агасынын сотуна өкүм угузулган акыркы күнү ал араңдан зорго кирип, катыша алган экен.

Активисттин иши боюнча мурдагы сот отурумдары сыяктуу эле бул жолу да Тажимуратовдордун үй-бүлөсүнө да, адвокатына да сот болору тууралуу эч ким кабар берген эмес. Ренат Тажимуратов агасынын иши боюнча отурум 30-апрелге белгиленгенин бир күн калганда соттун электрондук маалымат базасынан көрүп калып, дароо жолго чыккан.

Соттук териштирүү өтүп жаткан Навои шаарына Каракалпакстандан берки аралык дээрлик 12 сааттык жол. Отурум өтө турган жерге адвокат экөө түнү бою жол жүрүп отуруп жетишкен.

«Адвокат агама [колонияга] кирген, ал дагы сот жөнүндө эч нерсе билген эмес. Ага айтышкан эмес. Түштөн кийин саат экилерде соттун имаратына барып, күттүк. Саат үчтө, сот башталышы керек болгондо, Даулетмуратты алып келиштиби, билели деп күзөтчүгө бардык. Ал: “Жок, азырынча алып келе элек. Сиздер ошол жактагы кулактандыруу тактасынан анын фамилиясы барбы, жокпу, карап көрсөңөр”, - деди. Судья Пардаева өткөрө турган соттук отурумдардын тизмесинде агамдын фамилиясы жок болчу. Биз сот кайра башка күнгө которулуп калган го деп ойлодук. Кайра колонияга барсакпы деп да отурдук. Анан адвокат: “Андан көрө мен ичкери кирип, алып келиштиби, жокпу, бир карап келейин”, - деп калды. Тез эле чуркап келди: “Көрсө, сот жүрүп жатыптыр”, - деди. Биз киргенде Даулетмурат акыркы сөзүн сүйлөп жаткан экен. Сот жүрүп жатканын алар бизден жашыргысы келген. Бизсиз эле өткөргүсү келген, бирок биз тез эле залга кирип бардык», - дейт Ренат Тажимуратов.

Анын айтымында, сотко мамлекет дайындаган адвокат да барган эмес, ал буга чейин бир нече отурумга катышкан. Мамлекеттик жактоочу Даулетмурат Тажимуратовго өкүм окулуп жаткан учурда гана келген, ал эми активисттин үй-бүлөсү жалдаган адвокатка судья өкүм окуу убактысы келип калды деген шылтоо менен сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгон экен.

Натыйжада Навои шаардык сотунун судьясы Дилобар Пардаева Тажимуратовду жаза аткаруу мекемесинин ишин уюштурууга тоскоолдук жаратуу деген негизде күнөөлүү деп таап, аны "өзгөчө кооптуу рецидивист" деп атап, өзгөчө режимдеги колонияда жазасын өтөө менен кошумча беш жылга эркинен ажыратты.

Даулетмурат, Ренаттын айтымында, кайраттуу отурду жана тагылган айыпты мойнуна албай турганын билдирди.

«Ал ушундай өкүм болорун билип эле турганын айтты», — дейт Ренат Тажимуратов.

Соттун өкүмүнүн кагаз түрүндөгүсү азырынча активисттин жакындарынын колуна тие элек. Жаза мөөнөтү эми жалпы канча жыл болгону да белгисиз болууда.

Башкы кеңсеси Болгарияда жайгашкан "Түркмөнстандын Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду" деп аталган укук коргоо уюму билдиргендей, 2023-жылы берилген 16 жылдык абак мөөнөтүнүн калганына 2,5 жылдай кошулду. Анда активистти "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракеттенүү", "массалык башаламандык уюштуруу", "бийликти басып алуу максатында кутум уюштуруу" деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылган. Өзү мындай оор кинени саясий куугунтук деп атап, четке каккан.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.

Ошону менен катар өзбек бийлиги каракалпак активисттерине каршы куугунтукту алардын мекенинде да, чет жакта жүргөндөрүнө да уланткан. Репрессияга юрист жана «Ел хызметинде» гезитинин кабарчысы, конституциялык өзгөртүүлөрдү ачыктан ачык сындап чыккан Тажимуратов да кабылган.

Нукустагы окуялардан кийин башталган соттук териштирүүлөрдө ал эң узак жаза мөөнөтү чегерилген адам.

Дагы караңыз

Камактагы каракалпак активисти Тажимуратовго жаңы айып тагылды


«Бухарадагы колонияга которушат болуш керек»

Ренат Тажимуратов судья өкүмдү жарыялоо алдында кеңешме бөлмөсүнө чыгып кеткенден кийин агасы менен сүйлөшө алганын айтууда. Даулетмурат апелляциялык арыз менен кайрылуунун кажети жок деп эсептей турганын айткан экен.

«Агам: «Биз кайрылбайбыз. Анын эч мааниси деле жок», - дейт. Кыязы, кайрылбайбыз окшойт. Мен кайрылат элем, бирок агам каалабай жатат. Менимче, ал мүмкүн болушунча тезирээк башка түрмөгө которулгусу келет. Эгерде биз апелляциялык арыз менен кайрылсак бул окуя дагы созулуп кетет. Ал Навоиде калгысы келбейт. Анткени баары бир өч алуу болот», - дейт Ренат Тажимуратов. Агасы Навоидеги колонияда өч алууга дуушар болорунан кооптонуусу негиздүү деп эсептейт.

Ал жерде кыйноо жана жаңы айып тагуу үчүн атайылап козутуу аракеттери болуп турарын өзү айтып берген.

Ренат Тажимуратовдун айтымында, агасы аны Бухара облусунун Каган районундагы түзөтүү колониясына жөнөтүшөт деп ойлоп жатат. Ал жерде Каракалпакстандан келген дагы бир активист Жумасапар Дадебаев кармалып турган болчу. Этникалык түркмөн Дадебаев 2022-жылдын январь айында коопсуздук операциясынын натыйжасында Түркиядан мыйзамсыз эвакуацияланып, Өзбекстанда "каракалпак сепаратизмин" колдогон деген айып менен 12 жылга эркинен ажыратылган.

"Агам аны Бухарадагы түзөтүү колониясына которушат го деп турат. Айрым кызматкерлер да Өзбекстандагы жалгыз өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясы Бухарада экенин айтышкан. Дагы бир каракалпак саясий туткуну Жумасапар Дадебаев бул колонияда кармалып турган. Анын атасы жакында мага чалып: "Кечээ Жумасапар чалып, аны Даулетмурат кармалып турган Навоидеги КИН-11 түзөтүү колониясына которуп коюшканын айтты", - деди. Дадебаев Бухарада болчу, ал азыр Навоиге которулду. Алар Даулетмуратты Навои түрмөсүнөн Жумасапар кармалган түрмөгө которгусу келет. Бийлик алардын жолдору кесилишпөөсү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат", - деди Ренат Тажимуратов.

Дагы караңыз

"ЖМКга, укук коргоочуларга кысым күчөдү". Amnesty International уюмунун жаңы баяндамасы


«Бул толук изоляция болуп калышы ыктымал». Укук коргоочулардын кооптонуусу

Укук коргоочулар Даулетмурат Тажимуратовго карата чыккан жаңы өкүмдү айыптап жатышат. Алардын пикиринде, бул анын камактагы мөөнөтүн дагы узартуу гана эмес, мындан ары да изоляцияда кармоого, ага каршы басым жасоого укуктук база тузүп алуу аракети.

«Даулетмурат Таджимуратовго карата чыгарылган жаңы өкүмдү обочо карап болбойт — бул Өзбекстандын пенитенциардык тутумунун ичиндеги саясий туткундарга кысым көрсөтүүнүн системалуу практикасынын уландысы. 2016-жылы президент Шавкат Мирзиёев жарыялаган реформалардын фонунда өлкө жаңы саясий циклге кирип жатат, бирок биз дагы деле сынчыларга жана диссиденттерге карата репрессия механизмдеринин сакталып калганын байкап жатабыз. Таджимуратовдун иши — бул жеке эпизод эмес, “укуктук реформа” деп аталган жараяндын чыныгы абалынын көрсөткүчү», — дейт башкы кеңсеси Францияда жайгашкан «Борбор Азиядагы адам укуктары» ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаева.

Укук коргоочу белгилегендей, «өзгөчө кооптуу рецидивист» деп жарыялашканы ансыз да бийлик этибарга албаган кыйноо жана катаал мамиледен азап чегүүлөрү тууралуу арызданып келаткан Тажимуратовдун абалын ого бетер начарлатышы ыктымал.

«Бул өкүмдөгү эң негизгиси — мөөнөттүн өзү эмес, анын “режимди бузган зөөкүр” катары квалификацияланышы. Мындай аныктама принципиалдуу мааниге ээ, анткени ал кармоонун катаал шарттарына которуу үчүн формалдуу юридикалык негиз түзөт. Иш жүзүндө бул дээрлик толук обочолонууну билдириши мүмкүн. Мындай шарттар түрмө режимине жакындап, система “ыңгайсыз” деп эсептегендерге карата колдонулат — анын ичинде саясий мотивдеги жана “экстремисттик” иштер боюнча соттолгондорго», — деп белгиледи Надежда Атаева.

Ошол эле учурда ал Өзбекстанда бул жаңы практика эмес экенин кошумчалады. Укук коргоочу буга чейин өтө катаал мамиле тууралуу билдирүүлөрдөн улам аты чыккан «Жаслык» колониясы да болгонун эске салды.

«“Жаслык” жабылды дешкени менен анын модели токтоп калган жок — иш жүзүндө ал башка жабык мекемелерге, Каган районундагы, Кашкадарыя, Ташкент облустарындагы колонияларга өттү. Ошентип, бул тартип чарасы гана эмес, абакта кармоо шарттарын мындан ары да начарлатууга мүмкүнчүлүк берүүчү басым каражаты экенин көрүп жатабыз. Эл аралык укук нормалары жагынан алып караганда мындай тажрыйба өтө чоң суроолорду жаратпай койбойт. Ал мамлекеттин Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт боюнча милдеттенмелерине, анын ичинде катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге тыюу салуу жана туткундарга гумандуу мамиле кылууну камсыз кылуу милдетине карама-каршы келиши мүмкүн», — деди Атаева.

Эл аралык уюмдар Тажимуратовдун тагдырына тынчсыздануусун бир нече жолу билдиришкен. 2024-жылдын ноябрь айында БУУнун Өзүм билемдик менен кармоого каршы тобу анын кармалышын мыйзамсыз деп таап, өзбек бийлигинен активистти тез арада бошотууну, компенсация төлөөнү жана кыйноолор боюнча арыздарын иликтөөнү талап кылган.

Ташкент Тажимуратовго карата мыйзам бузуу жана кыйноо болгону тууралуу айыптоолордун баарын четке кагып келет.

Макаланын түп нускасы бул жерде.