Казакстан: өрттөлгөн имарат, көчөгө батпаган эл

Нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Алматы, 5-январь, 2022-жыл. 

Топтолуп турган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Алматы, 5-январь, 2022-жыл. 

Нааразы болгон топ Алматы акимчилигинин имаратын басып алышты. Анын бир бөлүгүн өрт чалды. 5-январь, 2022-жыл. 

Машинеде кетип бараткан митингчилер. Алматы, 5-январь, 2022-жыл. 

Алматыда полиция көчөлөрдүн бирин жапты. 5-январь, 2022-жыл. 

Алматынын көчөлөрүнө күч органдары тартылды. 5-январь, 2022-жыл. 

Алматы акимчилигинин алдында турган аскер техникасы. 5-январь, 2022-жыл. 

"Нур Отан" партиясынын Алматыдагы кеңсеси өрттөлдү. Аталган партияны мурдагы президент Нурсултан Назарбаев 1999-жылы негиздеген. 

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги полициянын 30дан ашык автоунаасы талкаланганын билдирди. Алматы, 5-январь, 2022-жыл. 

Полициянын терезелери талкаланган автоунаасы. Алматы, 5-январь, 2022-жыл. 

Нааразы болгон топ таң атпай акцияга чыгышты. Алматы, 5-январь, 2022-жыл. 

Актауда дагы каршылык митинги уланды. 5-январь, 2022-жыл. 

Актөбө облусунун акимчилигинин имаратынын алдына  дагы эл чогулду. 5-январь, 2022-жыл.