Казак жарандарынын купуя маалыматы интернетке тарап кетти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанда миңдеген кишинин жеке маалыматы интернеттеги ачык булактарга кантип тарап кеткени иликтенүүдө. Дареги, жеке документи, жада калса телефондон качан ким менен сүйлөшкөнү тууралуу маалымат Гит Хаб сайтына жарыяланды. Жеке маалыматы ачыкка чыккандардын арасында казакстандык төрт мобилдик байланыш компаниясынын кардарлары бар. Бул ишке Кытай өкмөтү менен тыгыз кызматташкан IT компаниянын тиешеси бар экени кабарланды.