Казакстанда нааразыларды полиция кармап жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстанда 9-июндагы президенттик шайлоо күч органдарынын күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөлү жана адамдарды кармоо менен коштолуп жатат. Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти. Нур-Султан жана Чымкент шаарларында да адамдар кармалып жатканы кабарланды.
Казакстанда 9-июндагы президенттик шайлоо күч органдарынын күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөлү жана кармоолор менен коштолуп жатат. Бул акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы шайлоо. Мамлекет башчылыкка жети талапкер ат салышууда. Алардын бири учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев нааразылык акцияларына чыгып жаткан адамдардын аракетин «өздөрүнүн тандоосу» деп айткан.