Хабаровскидеги рейдде мигрантка ок атылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусияда мигранттарды текшерип, кармоолор дагы эле уланып жатат. Хабаровскиде полициянын рейдинде мигрантка ок атылып, жараат алды. Ал арада Мамлекеттик Думанын депутаты Василий Власов мамлекет мигранттарга жумшак мамиле жасап жатканын айтып, көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Орусияда акыркы үч айдан бери мигранттарга карата рейддер уюштурулуп, полициянын жарандарга одоно мамлеси жана кысымы күчөгөнү туурасында видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жатат.